Завир Камалудинов менен Шамил Магомедовду өткөн айдан бери издеп жатышат. Урук-туугандары алар дайынсыз жоголгондордун узун тизмесин толуктады деп чочулашууда.
Махачкаладагы чөнтөк телефонун саткан дүкөндө иштеген эки жигиттин биринин атасы Ахмад Камалудинов 5-февралда Дагестандын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Сефербег Гамидовго буларды баяндады:
– Ал дүкөнүн ачып, телефон сата баштаган. Буга чейин Забирди эки жолу кармап кетишкен, эки жолу тең кайтып келип, "мага эч нерсе кылган жок" деген. Бул ирет биз аны кармап кетишкенин такси айдоочудан билдик. Алар таксини курчоого алып, уулумду кармашыптыр. Менин уулум такси айдоочуга телефонун бергенге үлгүргөн экен, ал менин агама чалыптыр. Ал болбогондо, биз эч нерсени билбейт элек.
Дагестанда дайынсыз жоголгондордун урук-туугандары "униформа кийинген" топтор жигиттерди көчөдөн кармап кетишээрин айтышат. Бул топтордун кайсы органга тийешеси бар экендиги белгисиз, алардын көздөгөн максаттары да бүдөмүк. Айрым серепчилер бирөөлөр атайылап, элди козгоп, нааразылыкты күчөтүүнү каалайт деп эсептешет.
Укук коргоочулардын айтымында, жоголуп кеткен жигиттердин айрымдары Дагестандын муфтиятына баш ийбеген мечиттерге барып жүргөндөр болушкан. Аларды адатта "исламчил экстремисттер" деп айыпташат. Аларды мыйзамсыз жолдор менен кармап кетип, кыйнап, кээде өлтүрүп коюшат. Айрым учурда жакындарынан барымта акысын сурагандар болот. Бирок көпчүлүк убакта алардан эч кандай кабар болбойт.
Гулнара Рустамова "Дагестан Энелери Адам укуктары үчүн" деп аталган бейөкмөт уюмдун мүчөсү. Декабрь айында ал "Азаттыктын" Түндүк-Кавказ кызматына бул дайынсыз жоголуулардын артында бийлик структуралары тургандыгынан күмөн санагандар аз экендигин мындайча билдирген:
- Акыркы үч жылда Дагестан жумуриятында 75ден ашык жигит уурдалды же дайынсыз жоголду. Туугандары арыз бергенде тартипти камсыздоо органдары "бул адамдар камакка алынган эмес" деп жооп беришет. Бирок урудалгандардын туугандары жана үйбүлөлөрү бир ооздон мыйзам сактоо органдарын айыпташат.
Дагестан өкмөтүнүн расмий маалыматына ылайык, жумуриятта акыркы 3 жылда 209 киши уурдалган. Алардын 176 бошотулуп, 14 өлтүрүлгөн, беши мыйзамдын чегинен сырткары турган куралдуу топторго кошулуп, 21 гана дайынсыз жоголгон.
Өткөн августта аталган уюмдан 20 чакты эне уулдарын бошотууну, же кур дегенде алар тууралуу маалымат берүүнү талап кылып, ачарчылык жарыялашкан. Алар президент Муху Алиев менен жолугушууну да талап кылышкан.
Президент аларды кабыл алган жок, бирок жарым айга созулган ачарчылык акциясынан айрым жылыш болду. Тактап айтканда, бийликтер бул проблеманы моюнга алып, жоголгондордун тизмесин жарыялады жана аларды табуу үчүн иликтөө тобун түзүүгө сөз берди.
Бирок Рустамованын айтымында, азырга чейин бул убадалардын басымдуу бөлүгү аткарылган жок, ал эми "иликтөө тобу" кагаз бетинде гана кала берүүдө.
Жаңыл Жусубжан, Прага