Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

07:55 Москва шаарында дагы бир кыргыз жараны киши колдуу болду


“Интерфакс” агенттиги Орусиянын укук корогоо органдарынын маалыматына шилтеме жасап кабарлагандай, окуя кечээ кечинде болгон. Аны бычак менен 30 жолу сайган. Киши колдуу болгон адам Юный Ленинец көчөсүндө жайгашкан жатаканада жашаган кыргыз жараны экени жана учурда тергөө жүрүп жатканы кабарланууда. Ушуну менен эки айдын ичинде эле Орусияда скинхеддердин колунун 4 адам киши колдуу болду. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги соңку мезгилдерде ал жактагы кыргызстандыктарга да кол салуулар көбөйгөнүн билдирип, акыркы фактылар боюнча орус бийликтерине расмий нота тапшырганын буга чейин “Азаттыкка” билдирген эле.(MSu)

XS
SM
MD
LG