Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

Евробиримдик менен Сербия ортосунда саясий келишимге кол коюу кийинкиге калтырылууда


Евробиримдиктин Сербияга карата визалык чектөөлөрүн жеңилдетүү жана эки тараптын соода алакаларын чыңдоону караган макулдашууга бүгүн кол коюлушу керек эле. Евробиримдиктин кеңейүү маселеси боюнча комиссары Олли Рен бул маселенин кийинкиге калтырылып жатышын "Белграддагы кээ бир саясатчылардын тоскоолдугуна" байланыштырды. Сербияга жогоудагыдай келишимди жакындагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы алдында Евробиримдик сунуш кылган эле. Бирок серб премьер-министри Воислав Коштуница ушул аптада муну Сербиянын көз карандысыздыгын жарыялары күтүлүп жаткан Косовону таанусу үчүн багытталган амал катары четке каккан болчу.

XS
SM
MD
LG