Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

ТҮРКИЯ: ЖООЛУКТУН ЖОЛУ КАЯККА АЛПАРАТ?


Түркиянын парламенти кыз-келиндердин ЖОЖдордо жоолук салынып жүрүүсүн чектеген мыйзамды талкуулай баштады. Аталган мыйзамдагы чектөөлөрдү алып салуу боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушун Түркиянын бийликтеги Адилет жана Өнүгүү партиясы көтөрүп чыгууда. Өлкөдөгү негизги оппозициялык күч деп эсептелген Жумурияттык элдик партиясы Башмыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы чыгып, Конституциялык сотко кайрылаарын айгай салууда.

Исламчылар жетектеген өкмөт коомдогу бул өзгөрүү аялдардын укугун жакшыртат дегени менен каршы тарап коом исламдашат деп кооптонуп жатат.

Сурамжылоолорго ылайык, калктын үчтөн экиси окуу жайларда аялдарга жоолук салынып жүрүүгө уруксаат берилсе, бул демократияны көздөй кадам болмок деп эсептейт. Түркия өкмөтү муну бетке кармап келет.

ЖОЖдордо кыз-келиндердин жоолук салынып-салынбоо талашы өлкөдө 1980-жылдардан башталган десе болот. Тартыш 1990-жылдары күчөп, ал түгүл азыркы өкмөт башчы Режеп Тайып Эрдогандын кызы убагында жоолугу жок университетке баргысы келбей билимди чет өлкөдөн алууга мажбур болгон.

Серепчилер айтымында, кээ бир жогорку окуу жайлардын ректорлору чектөөгө карата бир пикирге келбегени кырдаалды ого бетер тааталдантып атат.

Азырынча сот бийлиги, ишкерлик чөйрөсү, окумуштуулар баш болуп аялдарга карата бул чектөөнү алып салууга каршы чыгууда. Куралдуу күчтөр болсо, кызуу талкууга катышуудан баш тартып, бирок маселени көз жаздымдан чыгарбай байкоо салып тургандыгын билдирүүдө.

2-февраль күнү Анкара шаарында миндеген адамдар Түркия жумуриятын түптөгөн, секулярдуу көз караштагы Мустафа Кемал Ататүрктүн кабырыстанынын жанында чогулуп, чектөөнү алып салганга каршы кескин нааразылыгын билдиришкен. Февзи Эркилик иш-чарага катышкандардын бири:

- Биз балдарыбызды Исламдык жумуриятта эмес, Ататүрк негиздеген жумуриятта тарбиялагыбыз келет. Ошон үчүн ушул жерде турабыз.

Исламчылардын Адилет жана Өнүгүү партиясы тынчсызданып, нааразылык билдиргендерди жошутуу максатында жана мыйзам долбоорун колдоп берген улутчулдардын партиясы – Улутчул Аракет партиясынын талабына макул болуп жоолук салынуу укугун университеттердин жамаатына гана жайылтууну эп көрдү. Бирок башка коомдук жайларда жоолук салынууга карата тыюу мурдагыдай эле сакталып кала бермекчи.

Өлкөдөгү секулярдык күчтөр болсо, бул кадамды Түркиядагы мамлекет менен диндин ортосундагы ажырымды жоюуга багытталган баштапкы айла-амал катары кескин сынга алып жатат.

Добуш берүүнүн экинчи айлампасы ишембиде өткөрүлөөрү күтүлүүдө.


Элен Куленбекова, Прага

XS
SM
MD
LG