Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

90 КУРСАКТЫ ЖАЛГЫЗ КЫРГЫЗСТАН КАНТИП ТОЙГУЗАТ?


Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

Бир эле депутат үчүн өлкө казынасынан жылына 100 миңден ашуун сом кетет деп жазды “Общественный рейтинг” гезити 24.kg маалымат агенттигине таянуу менен. Ала турган айлыгын, айлыгына кошумча акчаларын, премияларын, жалдап жашап турган үйүнө же бөлмөлөрүнө төлөнүүчү каражатын, минип жүргөн кызматтык машинасына кеткен чыгымын алып таштагандан кийин ар бир депутат ай сайын казынадан 9 миңге жакын сом же жылына 107 миң 640 сомду мойсорун, ал эми 90 депутат ошол эле эл эсебинен жылына 9 миллион 687 миң 600 сомду ашап турарын кабарлады.

Ушул эле гезит 2005-жылдын 24-мартынан кийин Акаевдин каршылаштарын бийликке апкелген жалаң жаштар болгон, бирок Акүй саясатчылары 25-марттын таңынан тартып эле аларды унутуп салышты деп жазып, көпчүлүк каршы болгон 2007-жылдагы президенттин Октябрь Конституциясын жактап чыккан Эдил Байсаловду эмне кылышты? Болбогон иштерди кагазга көктөй салышып, өчөшкөн душманынан бетер өз баласын өз өлкөсүнөн кубалап тынышты.

Бакиев жаңыдан президент болуп, борбор калаанын борбордук аянтына алыс-жууктан мейман чакыртып, эл алдында антын бери атканда ажого адилет, акниет бийлик жүргүзүшүнө каалоо-тилегин айтып ырдаган жаш төкмө акын Адилет Айтикеев Кулов баштаган бириккен фронттун жаштар канатына кире койгондугу үчүн камакка алынып, бир жылдан бери эркиндик ала албай соттон сотко сүйрөлүп жүрөт, калпка ишенген адидеттикти, калпычыларга ишенген Адилетти аяйсың.

Жаштардын жана бир өкүлү Алишер Мамасалиев болсо, бүгүн бийлик менен достошуп алып, депутаттык айнегинин бөлмөсүнөн өзүнүн курбу-курдаштарын милийсалар аянттан кантип алып кетип атканын карап турат. Деги эле бүгүн жаштардын жаңы муунунун таянар эч нерсеси жок, Кыргызстанды азыр жалаң башкаруу тармагын ээлеп алгандар жана ал тармакка орноп алышкан тууган-туушкан, жек-жаат, куда-сөөк, жердештерине таянгандар башкарууда. Жаштарына таянып, аларды өстүрбөгөн өлкөдө келечек болбойт, тилекке каршы бүгүн жаштардын саясый активдүүлүгүнүн ачык-айкын өнүүгүүсүнө эч кандай жылчык жок деп белгиледи.

“Де-факто” гезити оппозиция тарабынан түзүлүп жаткан коомдук парламенттин спикерлигине академик Абдыганы Эркебаев шайланышы мүмкүн экендигин, акыркы күндөрү талашка түшө баштаган Жеңиш Аянтынын ордуна мечит салууга Сауд Арабиясындагы радикал исламчыл топтор 10 миллион доллар берген атыптыр, эгер мечитти ошол жерге курууга бийлик уруксат берсе, 5 миллиард доллар грант бермей болуптур деген сенсациялуу маалымат тараганын, 5-февралда УТРКнын убактылуу жетекчиси Мелис Эшимканов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазыптыр деп айтып чыгышкан эле, бирок ал арызды Акүйдөн да, башка үйдөн да эчким көрбөгөнүн, бирок Мелис мырзанын Бакиев менен бетме-бет сүйлөшүүгө кылган аракетинен майнап чыкпаганын, президент аны кабыл албай койгонун маалымдады.

Гезит ошондой эле мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун “Бийликтегилер кудай алдында да, тарых алдында да жооп беришет”, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Темир Сариевдин “Жазында үч багытта толкундоо болушу мүмкүн”, депутат Бакыт Бешимовдун “Текебаев экөөбүздү Акүйдүн күчтөрү кайраштарып атат” деген интервьюлары жарык көрдү.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG