Өкмөт башчынын сөзүнө караганда, Кыргызстан азык түлүккө баанын өсүш мүмкүнчүлүгүнө даяр болуш керек. Бул үчүн өкмөт тийиштүү чараларды иштеп чыгууда. Алардын бири - дыйкандарды дан эгүүгө кызыктыруу жана дан эгиндеринин аянтын кеңейтүү. Маселен, быйыл дан эгиндеринин аянты 50 миң гектарга кеңейтилип, жалпысынан 410 миң гектар аянтка дан эгилет. Андан сырткары Казакстандан 50 миң тонна буудай сатылып алынат.
Азыркы кезде болсо, Мамлекеттик материалдык кор боюнча агенттиктин кампаларында 50 миң тонна буудай сакталып турат. Игорь Чудиновдун эсеби боюнча, ал кампаларда кеминде 60 миң тонна буудай кол тийгис болуп сакталууга тийиш:
"Биздин планыбыз боюнча мамлекеттик кампада 60 миң тонна буудай сакталып туруш керек. Бул өлчөмдөгү дан 90 күнгө жетет. Андан сырткары өкмөттүн колунда кошумча 30 миң тонна буудай туруп, ал базар бааларына таасир этүү үчүн колдонулуш керек".
Жергиликтүү дыйкандар өндүргөн түшүмдү сатып алуу боюнча өкмөт атайын структура түзүүнү караштырууда. Ошондой дыйкандардан буудайды канчадан сатып алуунун баасы да аныкталмакчы. Андан сырткары «Азык-түлүк коопсуздугу» боюнча атайын мыйзам иштелип чыгып, бул маселе мына ошол мыйзам аркылуу тейленет.
Дыйкандар үчүн өкмөт быйыл Орусиядан 210 миллион сомго айыл чарба техникаларын сатып алды. Тракторлор жакын арада алып келинип таратылат. Кытайлар болсо, Карабалтада трактор чогултууну жолго салууга аракеттенүүдө.
Жергиликтүү дыйкандардын дагы бир көйгөйү жер семирткичтер экени белгилүү. Өкмөт өлкөгө жер семирткич заводун куруу өзүн актайбы деген маселенин үстүнөн иштеп жатканы да Чудиновдун маалымат жыйынында айкын болду.
Игорь Чудиновго маалымат жыйынында Орусияда кыргыз атуулдарынын өлтүрүлүшүнө өкмөттөн реакция болобу деген суроо берилди. Өкмөт башчынын ага жообу мындай болду:
"Бул маселенин үстүнөн иштөө Тышкы иштер министрлигине тапшырылды. Тийиштүү чаралар көрүлөт. Ал жөнүндө жакынкы күндөрү маалымат аласыздар. Тышкы иштер министрлиги, мүмкүн өкмөттүн да маалыматы чыгарылат".
Белгилүү болгондой акыркы айдын ичинде эле Москва жана Санкт Петербург шаарында беш кыргыз атуулу өлтүрүлгөн.
Парламенттин комитет жана фракцияларында талкууланып жаткан кыргыз өкмөтү менен «Центерра голд инк» компаниясынын “Кумтөр” кени боюнча келишимге карата өкмөт башчынын пикири мындай болду:
"Менин жана өкмөттүн көз карашы боюнча бул келишим бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу. Ал эми парламенттеги талкуулар болсо, нормалдуу көрүнүш. Жүрүп жаткан талкууларды келишимди бузуу катары кароого болбойт. Биз депутаттарга келишимдин пайдалуу экенин түшүндүрүүгө аракет жасап жатабыз. Биз бул маселеге дагы кайрылабыз".