Өлкөнүн тышкы иштер министри Хамид Новаз полиция Беназир Бхуттонун өлүмүнө тиешеси бар делген дагы эки адамды кармаганын билдирди. Мурдараак Январда мындай шек менен мындан башка эки адам камакка алынган эле. Оппозиция лидери Бхутто өткөн жылдын декабрында террористтердин кол салуусунан ажал тапкан эле.