Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

БИШКЕКТЕ ТҮШТҮК КОРЕЯНЫН АВТОБУСТАРЫ ЖҮРӨ БАШТАДЫ


Түштүк Кореялык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция берүүгө, биргелешип иштөөгө кызыкдар. Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кореялык ишкерлер былтыр 400 автобус алып келмек болушкан. Бирок кореялык ишкерлерге бут тоскондор, коркутуп-үркүткөндөр болууда. Ошого карабай Бишкекте алгачкы кореялык 20 автобус калкы кызматын аркалай баштады. Ошондой эле кореялыктардын инвестициялык долбоорлору арбын. Айрым байкоочулар жергиликтүү ишкерлерге караганда чет өлкөлүк бизнесчилерге мамлекет көп көңүл буруп, аларга жакшы шарт түзулгөнүн айтып жүрүшөт.

Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу көйгөйлүү маселеге айлангандыктан түштүк кореялык ишкерлер былтыр күзүндө мэрия менен келишим түзүп, 400 автобус алып келмек болушкан.

Түштүк Корея инвестициялык корунун жетекчиси Жумакадыр Аканеевдин пикиринде, Бишкек шаарына жаңы мэр болоору менен Данияр Үсөнов 400 автобустун санын 250гө азайтып, 4 автобаза куруу демилгеси ишке ашпай турат:

- Ал түгүл мэрия менен түзүлгөн келишимде 5 жылга чейин кошумча нарк салыгын төлөтпөө тууралуу чечим болгон. Бирок өлкөнүн бажы комитети 250 автобуска кошумча нарк салыгын дагы, бажы төлөмдөрүн да жана башка бардык салыктарды төлөтүп, жаңы автобустун өздүк наркы 38 миң доллар болсо, салыктарды төлөө менен ар биринин наркы 55 миң доллларга чыкты.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Эрмек Козубековдун айтымында, мэрия тарабынан келишимдер бузулган эмес:

- Автобустардын биринчи партиясы декабрдын аягында келген. Аларга атайын автобазадан орун берилген. 19 автобус шаардык маршруттарга чыгып калкты тейлей баштаганына эки жума убакыт боло элек. Автобустар Бишкектин Алматы, Чүй, Манас көчөлөрү аркылуу Жал кичи районуна 14-маршрут боюнча жүрүүдө.

Шаар ичиндеги эл ташыган кичиавтобустардын айдоочулары "Түштүк Кореядан келген автобустарды жүргүзбөйбүз" деп каршылык көрсөтүшүп, ал түгүл Кореянын автобустарына бомба коюлган деп жалган маалымат таратып, жарым ай мурда кореялык эки ишкерди коркутуп, Бишкектен катуу сабап да кетишкен.

Түштүк Корея инвестициялык корунун улук вице-президент Бенг Хен Кимдин айтымында, Кыргызстанга инвестиция алып келүүгө дилгир ишкерлер арбын:

-Бирок жергиликтүү ишкерлер, маршруттук кичиавтобус айдоочулар коркутуп, кореялык эки жаранды сабап кетишкен. Алар ооруканага жатып, айыгып чыгышканы менен дале кооптонуп коркуп жүрүшөт. Мындан сырткары дагы айрым долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бюрократиялык кагаздарды толтуруп, улам бир министрликке барып, убакыттан уттуруп жатабыз. Кыргызстанга пайдалуу долбоорлор токтоп турат.

Мындан сырткары Транспорт жана коммуникация министрлиги менен кореялык ишкерлер келишим түзүшүп, эл аралык жана облустар аралык каттамдар үчүн дагы 300 жаңы автобус алып келишмек болду.

Бишкектин тургуну Алмаз Кудайбергеновдун пикиринде, Бишкекте 3 миңге жакын бусиктер же кичиавтобустар иштейт:

-Алар жол эрежелерин бузуп, шаардын экологиясына чоң зыян кылууда. Ошондуктан алардын тогуз-онун бириктирген Кореянын автобустарынын жүрүшү абдан ыңгайлуу.

Өлкөнүн ГЭСтери өндүргөн электр энергиясын бөлүштүрүүчү станция кеңеш доорунда Өзбекстандын аймагында курулуп калып, учурда дале көз карандылыктан кутула элек. Ушул өксүктү жөнгө салуу багытында кореялык ишкерлердин жардамы менен энергияны бөлүштүрүүчү станцияны өлкө аймагында куруу үчүн инвестиция бөлүнүп жатканын, мындан тышкары дагы бир катар биргелешкен долбоорлор бар экенин Түштүк Корея инвестиция корунун жетекчиси Жумакадыр Аканеев билдирди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG