Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

МАКСИМ КУЛЕШОВ: I WANT TO BELIEVE!


Бүгүн түшкү саат 13:00дө укук коргоочу Максим Кулешов Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында “Мен ишенгим келет!” деген аталыштагы нааразычылык иш-чарасын өткөрдү. “Айлананы караңгылык каптады, андан жарык таап чыгып кетүү зарыл” деген М.Кулешов БШКнын алдына “үмүт шамдарын” жагып жаткан жеринен аны милиция кармап кетти. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны көпкө кармабай бошотуп жиберишти. Анткени, райондор аралык сот бүгүн укук коргоочулардын шаардык кеңештин токтомуна каршы арызын канааттандырып, андагы шаар ичинде митинг-акцияларды өткөрбөө керектиги айтылган маселени тактап берүүсү үчүн конституциялык сотко жолдогон. Укук коргоочулар мунун туура чечим болгонун айтышууда.

Укук коргоочу Максим Кулешовдун айтымында, бийликтин иш-аракетинен улам учурда айлананы караңгылык каптап, коомчулук жарык нурга муктаж болуп турат. Ошол себептүү ал шайлоонун жыйынтыктарын ушул кезге чейин жарыялабай, анын пикири боюнча таза иштебей келаткан БШКнын алдында “үмүт шамын” жагып, ал жарыкты элге тартуулагысы келген. Акциянын максаты тууралуу Максим Кулешов мындай дейт:

- Мен азыр тазалануунун символу болгон шамдарды жагам. Биз азыр караңгылыкта калдык, шамдар болсо ошол караңгылыкты жарыктандырышы керек. Ал шамдар “үмүт шамы” күйүп турганын, башка адамдарда да ушундай жарык пайда болушу керектигин билдирет.

Нааразылык акциясы башталгандан көп өтпөй милиция кызматкерлери келип, Максим Кулешовдон акцияны токтотууну талап кылышты. Шам жагууну уланткан укук коргоочуну Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Талант Шатманов баш болгон милиция кызматкерлери унаага салып кетишти:

- Мен ага дагы бир жолу эскертем, бул иш-чарасын токтотушу керек. Ал акция өткөрүп атат, эмне бул жерде шам жагып атат, Токмокко барып жаксын. Эмне сөзсүз эле БШКнын алдында жагышы керекпи, Кулешовдон башка Кыргызстанда 5 миллион адам бар, токтоткула.

Милиция кызматкерлери М.Кулешовду көпкө кармабай эле бошотуп жиберишти. Укук коргоочулардын айтымында, анын бошотулушу Райондор аралык соттун митинг-акцияларды шаар ичинде өткөрүүгө тыюу салган шаардык кеңештин токтомуна байланыштуу ишти карап, аны тактап берүүсү үчүн Конституциялык сотко жолдогонуна байланыштуу болду. Бир катар укук коргоочулар Бишкек шаардык кеңештин митинг-акцияларга байланыштуу токтому баш мыйзамга каршы келерин айтып сотко арыз менен кайрылышкан эле. Бүгүн эртең менен Райондор аралык сот жогорудагыдай чечим кабыл алган. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова мындай дейт:

- Шаардык кеңештин чечими мыйзамга каршы келет. Ошондуктан биз сотко кайрылганбыз. Бүгүн судья Элмира Байтикова чечим кабыл алып, ал аныктама Конституциялык сотко жолдонду. Биз биринчи жолу туура чечим кабыл алынды деп ойлоп калдык.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, кармалган укук коргоочунун мынчалык бат коё берилишин күтпөгөнүн, анын дароо бошотулушуна Райондор аралык соттун митинг-акцияларга байланыштуу чечими себеп болгонун, негизинен анын кармалышы туура эмес экендигин билдирди. “Максим башкача ойлонгон, өзгөчөлүү адам. Мыйзамсыз иштерди көрүп калса ар-дайым түрдүү, акылдуу иш-чараларды жасайт”,- дейт ал:

- Биз күткөн эмеспиз, бирок аны дароо эле бошотуп жиберишти. Эч кандай тартип бузуу болбогондуктан бошоттук дешти. Бирок эскертүү беришти, мындан кийинки акцияларды башка жерде өткөргүлө, анткени азырынча шаардык кеңештин токтому иштеп атат дешти.

XS
SM
MD
LG