Комиссиянын башында маданият жана маалымат министри С. Раев турат. Комиссиянын курамына ошондой эле медиаөкүл Ш. Майчиев, “Журналисттер” бирикмесинин жетекчиси М. Токоев, “Интерньюс” уюмунун жетекчиси Э. Калматов, “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Б. Шамшиев кирди. Аталган комиссия УТРКнын баш директорунун милдетин аткаруучу М. Эшимкановду кызматтан алуу талабы менен ачкачылык жарыялап отурган кызматкерлердин койгон талаптарын карап, териштирип чыкмакчы. Эгер бул комиссия УТРКдагы чыр-чатакты жөнгө сала албаса, анда улуттук сыналгынын ишмердигин териштирүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлөт. Бул маалыматты “Азаттыкка” премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди. (KCh)