Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:24

АНГЛИЧАН ДИНАЯТЧЫСЫ ШАРИАТТЫ ООЗАНГАНДАН КИЙИН


Амирбек Усманов, Прага Кентенбери архиепискобу Роуэн Уильямстын шариаттын айрым жоболору Британияда колдонулуп жатканын коомчулук танбаш керек деген маанидеги сөзү британдарды безге сайгандай козголтту. Англиянын эң чоң чиркөөсүнүн адыйынын сөзүн консерваторлор да, либерал-демократтар да каршы алса, айрым уламалар колдоп чыкты, ал эми башкалары мусулман жамаатынын көйгөйүндөгү маселе айтылды деп ыраазы.

Британиядагы көрүнүктүү диниятчынын бейшемби күнү ортого салган сөзүнө өкмөт пикирин ыкчам айтты. “Өкмөт башчы Британиянын мыйзамдары британиялыктардын салтындагы баалуулуктарга негизделиши абзел деп санайт”, деп маалымдады премьер-министр Гордон Браундун өкүлү. Ички иштер министри Жакю Смит бардык жамаат мүчөлөрү үчүн Британиянын мыйзамы ыйык экенин эске салды:

- Менин оюмча, өлкөдө демократиялык жол менен бекитилген бир гана заң бар. Мен ал заңды колдойм, ал заң өлкөдөгү бардык жамаатар урматтаган баалуулуктардын уюткусу экени анык. Мыйзамдын ушул эрежесин карманабыз.

Көпчүлүк британдар өлкөдөгү түрдүү улуттардын маданиятына, тамак-ашына көнүп калышканы менен, алар үчүн ар бир элдин өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан сот системасын киргизүү идеясы жат көрүнүш. Ошон үчүн, таасирлүү диниятчынын сөзү коомдогу ырыс-ынтымакка шек тийгизбейби же өз ара түшүнүүгө салым кошобу деген суроо туулат.

57 жаштагы архиепископ өз сөзүндө шариаттын маанисин кеңири талкуулоого мүмкүн болгон жарандык мыйзамдын бир салаасы катары да мүнөздөгөн эле:

-Шариатты таануу - бул жалгыз системага эмес, адилеттикти текстке таянып аныктоонун усулу.

Роуэн Уильямс бирок эч бир британ жараны коом бузук деп тапкан жүрүм-туруму үчүн айрым ислам өлкөлөрүдөгүдөй таш бараңга алынып өлүүнү каалабасын да айткан.

Арихиепископтун сөзүн британ мусулмандары да ар башкача кабыл алышты. Мусулман парламентинин төрагасы жана Мусулман институтунун мүдүрү Гыясиддин Сыдыкий нике кыйуу жана ажырашууда британ мусулмандары шариятты колдонуп жүргөндүктөн исламчылык болочокто дагы кеңири жайылат деп ишенет:

- Биз колдонгон шарият канону 18 кылымдан башат алат. Андан бери дүйнө өзгөрдү, ошол өзгөрүүлөр шариятка киргизилбесе, аялдар адилетсиздик болууда деп айта берет. Бул адилеттиктин маселеси.

Ал эми Лондондогу Араб-Иран изилдөөлөр борборунун башчысы Али Нуризаде архиепископтун оюна үндөш сунуштарды британдар түп көтөрө четке кагышы зарыл дейт:

-Менин оюмча, Ислам бийликтери же Кентенбери архиепискобу айткан бул сыяктуу талапка Батыш коомчулугу макул болбошу керек.

XS
SM
MD
LG