Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

15:50 Жогорку Кеңештин төрагасы Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрүн кабыл алды


Жолугушуу учурунда спикер Адахан Мадумаров Дүйнөлүк Банктын Кыргызстанда жүргүзгөн ишин сынга алып, ПЕСАК программасы кыргыз элинин ишеничин актаган жок, деп билдирди. “Жыйынтыгында бир катар ишканалар, завод-фабрикалар банкротко учурады. Мындан тышкары биз салык тармагында жана жарандарды пенсия менен камсыз кылуу жаатында өз алдыбызча саясат жүргүзө алган жокпуз. ДБ бардыгына каршы туруп алды,” деп белгиледи спикер. Ал эми Дүйнөлүк Банктын вице-президенти Шигео Катцу ДБ тарабынан сунушталган бардык долбоорлорду ишке ашырууда парламенттин колдоосуна таянарын гана билдирди, деп маалымдайт ЖК басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG