Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

14:19 Жайында ыктыярчылар мектеби жанданат


Бириккен Улуттар Уюмунун “Жаштар программасы” учурда “Борбор Азия Достук Караваны”, “Жайкы демократия мектеби” жана “Жайкы эмгек лагерлерин” долбоорлорун иштеп чыгышууда. Бул тууралуу программанын байланыш координатору Айнура Жапарова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында учурда коңшу мамлекттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Достук Караваны” долбоорунун алкагында жаш активистер жай айларында Борбор Азия өлкөлөрүн автобус менен кыдырып, ал жактын жаштары менен таанышат. “Жайкы демократия мектебине” Борбор Азия өлкөлөрүнөн активдүү жаштар келип жергиликтүү жаштар менен тажрыйба алмашышат. Ал эми “Жайкы эмгек лагери” ыктыярчыларга арналган долбоор. Анын алкагында ыктыярчылар балабакча, мектептерди оңдоп түзөө иштерине кол кабыш кылышат. (ESu)

XS
SM
MD
LG