Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Чыгыш Тимордун президенти Жозе Рамуш-Орта бүгүн таңга маал үйүнө кол салган козголоңчулардын огунан жарадар болду

Президенттин сакчылары кол салгандардын лидери Альфредо Рейнадону атып өлтүргөнүн өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлү маалымдады. Жозе Рамуш-Орта былтыр Чыгыш Тимордун президенти болуп шайланган, 1996-жылы ал өз элинин Индонезиядан көз карандысыздык алуу күрөшүнө кошкон салымы үчүн Тынчтык жаатындагы дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алган.
XS
SM
MD
LG