Диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча областтык бөлүмдүн кызматкерлери Сузак районундагы Бекабат айыл өмөтүнө караштуу китеп дүкөнүнөн диний мазмундагы төрт жүздөн ашык ар кандай баракчаларды, китептерди алышты. Колго түшкөн диний адабияттардын диний-экстремисттик «Хизб-ут-тахрир» уюмуна тиешеси барбы жокпу, ал атайын эксперттер менен казыят өкүлдөрүнүн иликтөөсүнөн кийин белгилүү болот. Ошондой эле облустун бир тургунунун автоунаасын текшергенде, андан Борбор Азияда ислам халифатын орнотууга үндөп келаткан “Хизбут-тахрир” партиясынын идеологиясы жазылган үч компакт диски чыккан. Мындай маалымат облустук ички иштер башкармасынын мыйзамсыз миграцияга жана диний экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнөң алынды. Бөлүмдүн маалыматы боюнча өткөн айда Ноокен районунда партиянын издөөдө жүргөн мүчөсү колго түшүрүлгөн. (YA)