Мындай билдирүүнү талип лидери Молдо Омар жасады. Ал ошондой эле батыш калктарын өз өкмөттөрүнө басым жасап, НАТОнун аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүгө мажбурлоого чакырды. Молдо Омардын пикиринде, АКШ Ооганстанда жеңилүүгө учурады. Ошондуктан ал НАТОнун башка өлкөлөрүнө Ооганстанда аскерлерин көбөйтүүгө чакырууда.