Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

16:04 Жалалабатта хизбутчулардын саны да, таасири да өсүүдө


Борбор Азияда ислам бийлигин орнотууну максат кылган жашыруун уюмдун жактоочуларынын катары Жалалабат аймагында көбөйүүдө. 2004-жылы алардын саны төрт миң киши болгон. Былтыр алардын катары 5 миң адамды чамалаган. Бул тууралуу облустук коопсуздук башкармасынын жетекчиси Равшан Балтабаев укук коргоо уюмдарынын кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, 2006-2007-жылдары хизбутчулар аудио видеокассеталарды таркатып, Орозо жана Курман айт майрамдарында нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Сузак районунда хизбутчулардын тилине кирип, жума күндөрү эркек балдарды мектепке жибербеген фактылар катталды. Жалалабатта жаңы жылды майрамдабоого жана референдум менен парламенттик шайлоого барбоого
чакырган учурлары болду. Мурда АКШ жана Европа өлкөлөрүнө тиш кайраган уюм эми кыргыз бийлигин да сындоого өттү. (YA)

XS
SM
MD
LG