Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

НАРЫНДА ЫЛАҢ КӨП, КАРЫЗ КӨП, ДАРЫГЕР АЗ


Нарын облустук мамлекеттик администрациясы жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыйында иштиктүү жасалган жумуштарга караганда кемчиликтер арбын белгиленди. Жыйынга катышкан өкмөт төрагасынын биринчи орун басары Искендербек Айдаралиев арабөк абалда иштегендер кызматтан кетүүсү учурдун талабы деп билдирди.

Нарын облусунун губернаторунун биринчи орунасары Мирадил Бакашев облуста айрыкча оор абал мал арасындагы ылаңы болуп жаткандыгын белгиледи:

- Облустун аймагында эпизодияга каршы жеткиликтүү деңгээлде иш чаралар көрүлгөн эмес. Өткөн жылы 1083 баш уйдан, 424 баш кой-эчкиден бруцеллез ылаңы табылып, ал мал ветеринардык кызматкерлердин көзөмөлү астында союлуп жок кылынган.

Ошол эле маалда облуста мал башына эсептегенде 407 ветеринардык адис керек болсо, 60 гана адис эмектенет.

Бюджеттик насыялардан акча алып гектарлап жер айдагандардын арасында мамлекеттик чиновниктер бар. Бирок алар алган карыздарын кайра оңой менен кайтарышпайт:

- Акталаа районунун айыл чарба департаментинин акими 166 миң сом, ушул эле райондук администрация кызматкери Оторов 93 миң сом, Жумгал райондук Кеңешинин төрагасы Самидинов 317 миң сом, Жумгал райондук айыл чарба департаментинин акими Сооронбаев 176 миң сом, Нарын токой чарбасынын директору Кандыбаев 2040 сом, Нарын районунун Аккудук айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Мырзакматов 30 миң сомдук карыздарын 3-4 жылдап төлөбөй келишкен, - деди Мирадил Бакашев.

Дарыгерлердин жетишсиздиги да көйгөйлүү маселе. Облус аймагына иштегени 2007-жылы “Жаш дарыгердин депозити” программасы боюнча эки гана дарыгер келген. Ошол эле учурда облустан 35 дарыгер көчүп кеткен. 65 врач жетишпейт. Бардык жерлерде пенсия жашындагы дарыгерлер иштеп атышат.

Биринчи вице-премьер-министр президенттин койгон тапшырмаларын аткарбаган жетекчилер токтоосуз кызматтан алына турганын баса белгиледи.

- Жергиликтүү бийлик аткара турган нерсени аткаргыла, аткарбасаңар кеткиле. Мамлекет аткара турган нерсени мамлекет аткарсын. Президент ушундай талап коюп атат бүгүнкү күндө, - деди Искендербек Айдаралиев.

XS
SM
MD
LG