Анда оппозиция өкүлдөрү Саакашвилини мыйзамдуу президент деп тааныбай тургандыктарын билдиришти. Бийлик алардын дооматтарын четке кагууда.
Грузин оппозициясы менен жолугушуудан кийин Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча ыйгарым комиссары Бенита Ферреро-Валднер Евробиримдик үчүн Грузиядагы шайлоого карата ЕККУнун берген оң баасы күчүндө экенин айтты.
“Биринчиден биз шайлоого карата ЕККУнун демократия жана адам укуктары боюнча комиссиясынын баасына ишеним артабыз. Анын билдиришинче кемчиликтер орун алганы менен Грузияда президенттик шайлоо атаандаштык негизде өтүп, анда Саакашвили жеңип чыкты. Биз үчүн бул эсеп. Ошол эле учурда, кемчиликтерге да көзүбүз жетип турат. Грузин аткаминерлери менен 4-5-февралда өткөн жолугушууда биз бул тууралуу өтө ачык талкууладык”,- деди Бенита Ферреро-Валднер.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөр Грузияны аймакта таасирин кайра чыңдоого умтулган Орусияга карата өнөктөш тутушу эч кимге жашыруун эмес.
Батыштын шайлоого карата баасын илип алган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да шайлоо « элдин мүдөөсүн чагылдырды» дешүүдө.
Бирок өлкөдөгү оппозиция, жарандык коом жана акыйкатчынын Саакашвилиге карата дооматтары байма-бай айтылып келет.
Грузин акыйкатчысы Созар Субари Саакашвили бийликке келгени демократия жана адам укугу жаатында акыркы төрт жылда көзгө көрүнөөрлүк эч кандай жакшы өзгөрүү болбоду деп санайт. Акыйкатчынын айтымында , Грузияда учурда элдин жалпы маанайы анча дурус эмес:
“Эң негизги маселе – бул адилеттүүлүккө ишенимдин жоктугу. Өлкөдө мыйзамдуулук үстөмдүк кылбай калды деген сезим үстөмдүк кылууда.”
Субари соңку мезгилде эл арасында сот системасына карата ишеним да кескин төмөндөп жатканын белгилейт. Мындан тышкары Субари анын акыйкатчылык ишмердигине да кысым бар экенин айтат.
Анткен менен Сакашвилинин өкмөтүндөгү жаш аткаминерлер бул сындарды четке кагууда. Мисалы, премьер-министр Ладо Гургенидзе акыйкатчынын бул айткандары жалаң эмоцияга негизделип айтылган дейт.
Ал эми Грузиянын тышкы иштер министри Давид Бакредзе болсо мындан беш жыл мурун эле Грузия «кудуретсиз өлкө» болгонун эске салып, азыр кыйла экономикалык жылыштар болуп жатканын айтат. Министр реформалар убакытты талап кылаарын эскертет.
Анткен менен расмий бийлик өкүлдөрүнөн шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санап, иликтөө жүргүзүү демилгесин көтөрүп чыккан оппозицияга өкмөт эмне үчүн уруксаат бербегенин түшүндүрүп бере алгандар табылбады.
Өкмөттүн убада кылганына караганда, быйыл апрелде өтө турган парламенттик шайлоодо буга чейин кетирилген кемчиликтер үчүн орун болбойт. Оппозиция болсо «жөжөнү күздө сана» керектигин эскертүүдө.