Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:10

ӨЗБЕК ПАРЛАМЕНТИНИН ЭКС-СПИКЕРИ “ЧӨӨ ТАЛАМАЙГА” ТҮШТҮ


Амирбек Усманов, Прага Өзбекстанда мартабалуу бийлик адамдарынын арасындагы жемсөөлүк жабык темалардын бири. Бирок 23-январда парламент төрагалыгынан түшкөн Эркин Халиловдун тагдыры бийлик чөйрөсүндө коррупция терең тамыр жайган көрүнүш экенин айгинеледи.

Бир ай мурда Өзбек парламентинин төрагасы Эркин Халилов Өзбекстандын “чириген” байларынын бири эле. Анын байлыгы, өзүм билемдиги жөнүндө көпчүлүк мынабу ташкендик сыңары суктана да, жек көрө да сөз кылчу:

- Ал Горький метростанциясынын жанында балдары жана неберелери үчүн килейген вилла-үйлөрдү салып, бир көчөнү бууп алган. Халиловдун супермаркеттери жана ресторандары бар экенин, 15 жашар уулу кымбат баалуу машинелерди сатып алганын эшиттим. Мынча байлыктын баары кайдан?

Укук коргоочулардын ырасташынча, Халиловдун уулу менен мушташа кеткен беш улан адилетсиз кесилбесе, ал алиге спикер бойдон жүрө бермек.

Соттон улам адам укугун коргоочулар көтөргөн ызы- чуу Батыш менен алакасын жакшыртууну көздөгөн президент Каримовду нааразы кылып, Халиловду кызматтан айдаганын да айтышат.

Халилов 23-январда спикердиктен кол жуугандын эртеси ага таандык үч кабаттуу соода борбору сүздүрүп салынган. Мурдакы өзбек дипломаты Ташпулат Юлдашевдин сөзүнчө, мүлкү талоонго түшкөн экс-спикер уурулугу ашкере болбос үчүн баарына кайыл:

-Сот али баштала элек. Азыр анын мал-мүлкү тартып алынууда. Иши сотко өткөрүлгөндөн кийин, Халиловдун жемсөөлүгү четинен чубалып, түйшүгү артат. Бийлик бардык мал-мүлкүн тартып алган учурда да ал бирөөгө болду деп айта албайт. “Кыңк” десе, уурулугу дагы чукулат.

Өзбекстандык укук коргоочу Азам Тургунов Халиловдун жыйган дүйнөсү бир күнү анын түбүнө жетери маалым болчу, ишкер-өнөктөштөрү эле былыгын ачканга жардамдашты окшойт дейт:

- Назарбек тарапта Эркин Халиловдун бир гектарга жакын жери бар. Бийик коргондун ичинде килейген дачасы, көлү бар, аң ууласа болот. Аны күзөтчүлөр кайтарат. Өзбекстанда ырасмий адамдардын бизнес кылуусуна тыюу салынганы менен чоң ишкерлердин баары өкмөттө иштейт. Чөөлөрдүн талоонуна түшкөн Халилов аман калуу үчүн баарын берүүгө даяр. Бирок жаңы спикер да анын жолуна түштү. Өзбекстандагы система ушундай.

Январь айында Өзбекстандын ички иштер министринин бийик даражалуу 15 кызматкери да 800 миң долларды жеп койду деп айыпталып, алды 14 жылга чейин эркинен ажыратылды.

XS
SM
MD
LG