Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

18:27 Жалалабатта террордук аракеттер үчүн айыпталган жарандарга жаза сунуш кылынды


Облустук прокуратуранын өкүлү сотко өзбек жараны Жамалдин Абдумажитовду өмүр бою эркинен ажыратуу, анын мекендеши Эркин Холиков менен кыргызстандык үч жарандын ар бирине төрт жылдан жаза чектөө жагын сунуш кылды. Конституциялык түзүлүшкө каршы чыгып, диний кастыкты козгогон, курал-жарак жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз алып жүргөн, укук коргоо кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч келтирген деп айыпталган Ж. Абдумажитов гранатаны ИДУнун мүчөлөрү деп шектелген куралдуу кишилерден корккон үчүн көтөрүп жүрүүгө мажбур болгонун билдирди. Холиков, Хасанбай Юсупжанов менен Бахрам Кунаков күнөөлөрүн жарым-жартылай моюнуна алаарын айтышты. Алар менен бирге куралдуу адамдар тууралу маалымат бербеген деп айыпталган Рукия Ибрагимова күнөөнү мойнуна алган жок. Соттун өкүмү 15-февралда уктурула турган болду. (YA)

XS
SM
MD
LG