Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

О. ДҮЙШЕЕВ: КЫРГЫЗСТАН КУМТӨР КЕНИНЕН 3 ЭСЕ КӨП ПАЙДА ТАБА АЛАТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кумтөр кенинин тегерегинде талаш-тартыштар басыла элек. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна “Тоо-кенчилер” биримдигинин президенти Орозбек Дүйшеев жооп берди.

-Орозбек мырза, сиз парламент комитетинен айырмаланып, Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн келишимдер ратификацияланышы керек деп айтып келесиз. Эмне үчүн?

-Биринчиден, Кумтөр кени кыргыз элинин байлыгы, жалпы элибиздин энчиси. Биз муну изилдегенде көп эле ката кеткенин айтып жүрбөйбүзбү. Эми ал каталарды изилдегенге убакыт жок. Ошондуктан эксперттик топ кандай жол менен бүгүнкү күндө Кумтөр кыргыз элине пайда бере алат деген гана максатты койгонбуз. Бул максатты чечиш үчүн биздин оюбузча, 2003-жылкы, 31-декабрдагы келишимдерге өзгөртүүлөр жана сунуштарды киргизүү керек. Бул биз үчүн эң пайдалуу.

-Өткөн жылы жайында түзүлгөн келишимдин мурдагы келишимдерден артыкчылыгы барбы?

-Азыркы келишимдин артыкчылыгы абдан чоң. Мен сиздерге бир эки мисалды айтып коеюн. Ошол эксперттик комиссиянын негизинде жаңы башталганда, Кумтөрдү “Центеррага” берип жаткан кезде, биздин үлүшүбүздү мыйзамсыз азайтып койгон деп далилдеп, анын негизинде биз башталганда 52 пайыздан кем болбосун деп, 32 миллиондон ашык акцияны алып жатабыз, беребиз деп жатат. Бул чоң жетишкендик. Бүгүнкү күндөгү баа менен эсептегенде бул жарым миллиард доллар. Бул Кыргызстанга пайда. Жалпы биздин акциялардын суммасы 64 миллиондон ашат. Бул миллиард долларга барабар. Салыктарды жөнөкөйлөштүрүп, товардык продукцияны мына быйыл 10 пайызын, кийин 11, андан кийин 12 пайызга чыгарайын дедик. Бул деген быйыл биз 15 тонна алтын берсек, 45 миллион доллар бюджетке түшөт деген нерсе. Бул байлык да.

-Кумтөр алтын кени боюнча Кыргызстандын үлүшү 31 пайызды түзүп жатат. Мүмкүн “Центерра Голд” компаниясынан башка Кыргызстандын шарттарына көнгөн ишканалар менен кайрадан келишим түзүлсө, өлкө жана эл үчүн жакшы болоор жана Кыргызстандын акциясынын пайызы көбөйөр деген үмүт болуп жаткандыр. Кандай дейсиз?

-Эч кандай көбөйбөйт. Өзүңүздөр билесиздер, мурунку премьер-министр трибунадан айтпады беле, “32 миллион акцияны бергенде булардын ичинен кан өтүп жатат” деп. Демек булар жөнөкөй эле берген жок да. Мына ошон үчүн биз 1-2 ай талашып жүрүп жеңдик. Ошондуктан менин эсебим боюнча азыркы долбоорго кошулсак, ошол аткарылса, мурдагыга караганда Кыргызстан андан эң кеминде 2-3 эсеге көп пайда алат. Бул Кыргызстан үчүн пайда да. Мына Ысыккөлдүн өнүгүшүнө бир пайыз бөлүнөт. Бул төрт жарымдан алты миллион долларга чейин жетет. Мына мындай акцияны Ысыккөл алды беле? Алган эмес. Кумтөрдүн ачык, арзан жолу менен ала турган жагы бүтүп калды. Эми аны жер алды менен казып иштешибиз керек. Аны куруш керек. Аны курууга 100-150 миллион доллар керек. Аны быйыл баштайт. Муну баштап калса, биздин келечек дагы өсөт.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG