Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

ЖАШТАРДЫН ПАТРИОТТУК АКЦИЯСЫ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Жаштардын “Мен ишенбейм” кыймылы бүгүн “Мен сени сүйөм, Кыргызстан” деген аталышта акцияны өткөрүүнү көздөп жатат. Бул акция тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Атамекен” партиясынын жаш канатынын лидери, “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев жооп берди.

-Сүйүү күнүнө карата “Мен сени сүйөм, Кыргызстан” деген аталыштагы иш-чара кандай мүнөздө өтөт? Биздин билишибизче, бул жолу борбордук көчөлөр менен жөө жүрүш жасоону көздөп жатасыздар...

-Ооба, туура айтасыз. Саат 11де биз жаштар менен Ахунбаев-Белинский көчөлөрүнүн кесилишинде жолугуп, ошол көчө менен ылдый түшүп, Чүй көчөсүнө жетип, ал жерден Алатоо аянтына барабыз.

-Акцияны өткөрүүгө Биринчи Май райондук администрациясы уруксат бербей койгон экен. Мекенге болгон сүйүүнү билдирүүгө дагы каршылык кылууга эмне себеп деп ойлойсуз?

-Эми алар ойлоп жатышат окшойт, бул баягы эле саясий акциялардын бири болот деп. Бирок башында айтылгандай, бул сүйүү күнүнө арналган, ушул Ата Мекенге сүйүүбүздү билдирүү акциясы. Ал эми Биринчи май райондук администрациясынын тыюусу боюнча айтсам, албетте алар өздөрү мыйзамды бузуп жатат. Анткени биз февралда бергенибизге карабастан, алар 11 күн өткөндөн кийин жообун берип жатат. Кечээ интернетке Мэриянын пресс-кызматы тараткан билдирүү жалган. Анткени Мэриядан 5-февралда бизге эч ким, эч кандай жооп берген эмес.

- “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөлөрү буга чейин деле бир нече иш-чараларды уюштурган үчүн административдик сот жообуна тартылган эле. Бул жолу дагы иш-чара баштала электе милиция кармап кетиши ыктымал. Акция аягына чыкпай калышы мүмкүн да...

-Албетте, бардыгы болушу мүмкүн. Акция дагы аягына чыкпай калышы мүмкүн. Бирок биздин маалыматыбыз боюнча бардыгы жакшы болот деп ойлойм.

-Сиздер Ахунбаев-Тынчтык проспектисинин кесилишинде чогулуп жаткан мезгилде кармап кетсе, кандай болот?

-Албетте, бул дагы болушу мүмкүн. Бирок биз ошол жактан жок дегенде акцияны баштаганга аракет кылабыз.

-Сиздер бир эле жерге чогуласыздарбы же бир нече жерде чогулушуңуздар мүмкүнбү?

-Бир эле жерде чогулуп жатабыз.

-Канча киши келиши мүмкүн сиздерди колдоп?

-Жүз кишидей деп жатканбыз, эми шартка жараша болот да. Бирок мен билгенден жүзгө жакын жаштар келет.

-Маегиңиз үчүн рахмат.

XS
SM
MD
LG