Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

"СҮЙӨМ СЕНИ, КЫРГЫЗСТАН" (Сүрөт баян)


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Бүгүн Бишкекте “Сүйөм сени Кыргызстан” аттуу жаштардын акциясы өттү.



Колдоруна шар, желек жана мекенине болгон сүйүүсү айтылган жазууларды кармаган элүүдөн ашуун жаштар Ахунбаев көчөсүнөн Тынчтык проспектисин бойлой Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чейин жөө жүрүш уюштурушту.







Акүйдүн жанына келгенде укук коргоочу Максим Кулешовдун желек көтөрүп жолду четтеп басуу аракетинен майнап чыккан жок.



Кулешовду бура бастырбаган милиция кызматкерлери коомдук тартипти бузуп жатасың деп ага эскертүү берди.



Жаштардын бул акциясы Жогорку Кеңештин имаратынын жанында шар учуруп гимн ырдоо менен аяктады. Бишкек шаардык кеңештин жөө жүрүш, пикет митинг өңдүү нааразылык чаралардын өтүшүн чектеген токтомуна карабастан жаштарды бул ирээт милиция кармаган жок.

Тектеш

XS
SM
MD
LG