Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

ЖАҢЫ ТАСМА ПУТИНДИН ТАРЖЫМАЛЫН ЭСКЕ САЛАТ


Каарманбек Кулуев, Бишкек 14-февралдан баштап Орусиянын кинотеатрларында “Көмүскөдөгү өбүшүү” (“Поцелуй не для прессы”) аттуу тасма көрсөтүлөт. Андагы башкы каармандар орус президенти Владимир Путин жана анын жубайы Людмила Путина менен көп жактан окшошуп кетишет, бирок тасманын авторлору бул сөздөргө негиз жок дешет.

Жаңы тасмада Санкт-Петербургдагы КГБ кызматкери жана Людмила аттуу стюардессанын сүйүүсү тууралуу баяндалат. Тасманын башкы каарманы орус президенти Владимир Путинге көп жагынан окшош: ал дагы Германияда совет тыңчысы болуп иштеп, кийин Кремлде жогорку даражалуу кызматтарга көтөрүлөт.

Башкы каарман Путинге окшоштурулуп тартылганы менен, тасманын продюсери Анатолий Воропаевдин айтуусунда, кино Владимир жана Людмила Путиндер жөнүндө эмес:

"Албетте саясатчылар тууралуу кино тартып жатканда биз бир Марстагы саясатчылар тууралуу баяндабайбыз да. Биз саясатчыларды кантип элестетебиз, алардын кандай болушун каалайбыз – мына ушул жөнүндө кино тарттык."

Аталган тасма Кремлдин буйругу менен тартылгандыгы жана Людмила Путина өзү сценарийди кошо жазышкандыгы тууралуу кеп-сөздөр продюсер тарабынан четке кагылды.

Тасма Орусиянын президенти жөнүндө эместигин бышыктап, режиссёр Ольга Жулина андагы баш каарман саясатчы өзү эмес, анын аялы Людмила экенин эскертти:

"Тасманын баш каарманы - Людмила. Саясатчынын ишмердиги фильмде көрсөтүлбөйт. Аял менен эркектин ортосундагы мамилелер гана чагылдырылат. Андыктан саясатчынын жакшы сапаттары да, жаман сапаттары да анын аялы аркылуу гана көрсөтүлөт”.

Бирок кантсе да, тасмадагы жубайлардын турмушу Путиндердин жеке турмушуна абдан окшош: 1983-жылдагы үйлөнүү, Германиянын Дрезден шаарында тымызын кызматтын башчысы болуп иштегени, Людмила жол кырсыгына учурап, жубайлардын үйүнүн күйүп кетиши... Мунун бардыгын Путиндер да учурунда баштан өткөрүшкөн.

Чын эле бул Путинби, же кокусунан эле окшошуп калган саясатчыбы? Мартта Орусияда өтүүчү президенттик шайлоого бул тасманын тиешеси барбы, же жокпу? Бул суроолорго ачык-айкын жооп жок. Бирок 14-февралдан кийин тасма кинотеатрларда көрсөтүлүп, көрөрмандар баарын өздөрү түшүнөрү турган иш.

Cүрөт kleo.ru интернет баракчасынан алынды
XS
SM
MD
LG