Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

АЛА ТООДОН АЛТАЙГАБЫ?


“Жаңы ордо” гезити “Алтайда Манасты Манаш дешет”, Генерал Югайдын махинациялары”,”Эл депутаттары элди көбүрөөк ойлойбу же өзүнбү?” деген,“Новый Кыргызстан” гезити “Ишкерлик кылуунун патенти кымбаттады”,”Колуңардан келишинче жардам бергиле” деген, “Агым” гезити “Орус такырбаштары кара торуларды тазалайбы?”,”Капкакбайлар же саясый орозонун пайдасы”,”Чүйдү чүнчүтүп ийишти” деген, “Аалам” гезити “Адил Тойгонбаев үн катты”, ”Айтканыңыз эсиңиздеби, Курманбек Салиевич?” , “Күн жылыганда эл кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн” деген өзөктүү темалар менен жарык көрдү.

"Жаңы ордо" гезити бүгүнкү санына “Алтайда Манасты Манаш дешет” деген макала басып, анда Жети Өгүздүк Мукан Мойноковдун “Алп Манас-Манаш” деген коом түзгөнүн, өзү эки жыл Алтайда жашап келгенин белгилеп келип, Мукан мырза Алтайда кыргыздарды 850 жыл мурда Манас көчүрүп кеткен деген маалымат барын, Алтай деген алты айлык жол дегенди түшүндүрөрүн, ал түзгөн коом Манастын мурдакы жана кийинки кичи Мекени болгон Алтай менен Таласты бир тууган шаар кылуу маселесин көтөрүп, бул боюнча орус бийлигине да кайрылганын, анан ушу кезде Орусиянын ички шаарларына көчүп, алтургай орус жарандыгын алып, биротоло ошол жерде калып жаткан кыргыздарга же Орусияга жаңыдан кетип жаткан кыз-уландарга орустун башка аймактарына караганда Алтайга барышса жакшы болор эле, анткени кантсе да Алтай байыркы ата-бабалардын жери эмеспи, анын үстүнө Алтай кенен, жаратылышы керемет, жер-жемиштин баары өсөт, алтайлыктар куулук-шумдугу жок, жакшы эл болот деп айтып берди.

Гезит ошондой эле КР коргоо министринин орунбасары, министрликтин штаб башчысы, генерал-майор Бори Югайдын квартира махинациялары тууралуу макала жарыялады.

“Новый Кыргызстан” гезити кечээ Бишкек шаар башчылыгы колунда жок, начар жашаган адамдарга жардам бергиле деп борбордун аймагында иш кылган 7262 бизнесменге ырасмий түрдө кат жөнөттү, катта ишкерлер ай сайын ушундай жардам үчүн чөнтөгүнөн 3500 сомдон төгүп туруш керек деп жазылган, эми буга ишкерлер көнөбү же көнбөйбү, ал башка кеп. Бирок жардамга өтө муктаждардын саны Бишкек мэриясынын эсеби боюнча 15841 киши, булар жакыр жашаган 56 миңден ашуун адамдардын ичинен тыкыр тандалып алынгандары гана.

Жыл сайын жарды-жалчыларга жардам катары шаар казынасынан эле 105 миллион сом кетип турат. Бирок кембагал адамдарга өз ыктыяры менен эле жардам бере кое турган ишкер азырынча чыгалек, айрымдар шаар башчылыгынын мындай новаторлугун кезектеги эле жон териден “кайыш тилүү” деп баалап жатышат, деп баяндады.

“Агым” гезити айрым атуулдарга кайрылып, “Азимбек Бекназаров баштаган революция комитети жаз чыгары менен жалпы элдик жүрүш баштайбыз деп жатат, кошуласызбы?”, ”Казак элчилиги төрт пансионатты биздин менчик, аларды сатып алуу тууралуу сөз болушу да мүмкүн эмес” деп чыкты, сиздин көз карашыңыз?” деген суроолорго жооп сураган.

ЖК депутаты Ж.Жээнбеков: "Кайра-кайра революция жасай бергендей Кыргызстан оюнчук эмес, мен ага кошулбайм дагы, ишенбейм дагы" деп, 2-суроого "казактар кааласа, жер үстүндөгү имараттарды сатып алышсын, ал эми жер сатылбайт" деп жооп берген.

Жаш саясатчылар форумунун мүчөсү Жаркынбай Касымбеков: "Эгер ревком мыйзамдуу талаптар менен чыкса колдойм, бирок жөн эле “кетсин” дей берсе кошулбайм. Ысыккөлдөгү жер байлыктарынын сатылышына каршымын. Эгер казактар жерди 20-25 жылга арендага алып иштетебиз десе, ага макул болуш керек" деп жооп берген.

Профессор Кусейин Исаев 1-суроого "себептин баары А. Бекназаровдун өзүндө, Азимбек мурунку бийликтин учурунда түрмөгө түштү, соттолду. Анын айынан Аксы окуясы башталды. Жети жигит курман болду. Эмдигиче ызы-чуу аягына чыгалек. Үч жыл жалаң жыйналыш, пикет менен жүрдүк. Биз качан элдин курсагын тойгузабыз? Миллионго жакын адамдарыбыз тентип жүрөт. Эки айдын ичинде Орусияда сегиз кыргызстандык өлтүрүлдү. Кыргызстандын жаранынын кара курсактын айынан өлгөнү же өлтүрүлүшүнүн өзү эле мамлекет үчүн чоң күнөө. Революциялык комитет жалпы эл тарабынан колдоого ээ болбойт десе, 2-суроого, көлдөгү пансионаттар казактыкы эмес кыргыз мамлекетинин менчиги болушу керек. Казактар убактылуу экономикалык кубаттуулугуна салып кыргыз элин басмырлаганы туура эмес. Аягы жакшылык менен бүтпөйт" деген оюн билдирди.

“Аалам” гезити кечээ эле Казакстандын маалымат каражаттарында Кыргызстандын күч органдары казак жараны Адил Тойгонбаевге кылмыш ишин козгогонун, Казакстандын Баш прокуратурасына аны Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган кабар тараганын, кыргыз тарап издеп жүргөн А.Тойгонбаев ушу тапта Казакстанда жашап жатканын, ал ошол өлкөдөгү интернет сайттардын бирине жана “Улуттук стратегиянын борбору” деп аталган борборго ээлик кыларын белгилөө менен, Казакстандын “Время” гезити А.Тойгонбаевдин өзүнө кайрылып, жогорудагы маалыматка түшүндүрмө берүүсүн сураганда ал, Кыргызстанда ага карата болуп аткан иштерге түшүндүрмө берүү ал үчүн кызык эместигин, ага козголду деген кылмыш иштери менен да тааныштыгы жоктугун жана аны эмне үчүн күнөөлөп жаткандары жөнүндө билмек турсун элестете да албастыгын айтканын жазып чыкты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG