Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

19 ЖЫЛДАН КИЙИН... (Сүрөт баян)


Быйыл кеңеш доорундагы жоокерлердин Ооган аймагынан чыгарылганына 19 жыл толду. Буга байланыштуу Бишкектеги «Ататүрк» сейил багында ооганчы-жоокерлердин эстелигинин алдында эскерүү-реквием болду.







Эскерүү-реквиемине Бишкек шаар мэри Данияр Үсөнов, чегара кызмат башчысы Замир Молдошев жана ооган согушунун ардагерлери катышып, алар мекенине кайтпай калгандарды эскеришти.





Ар жыл сайын салтка айланган эскерүү-реквиемине ооган согушуна катышкан ардагерлер, ааламаттан кайтпай калган жоокерлердин ата-энелери, туугандары жана улуттук гвардиянын жоокерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.



Эскерүү жыйынында сүйлөгөн Бишкектин мэри Данияр Үсөнов бул учурунда советтик жетекчилердин жаңылыш саясатынын кесепети экенин айтып, ооганчы ардагерлерге шаар жетекчилиги колдон келген жардамын аянбастынын билдирди.



Өлкөнүн ооганчы ардагерлер кошунун төрагасы, генерал-лейтенант Абдыгул Чотбаевдин маалыматы боюнча, Советтер Союзунун курамында 70-жылдардын этегинен баштап Ооганстанга жөнөтүлгөн аскерлердин катарында кыргызстандык 7141 жоокер болгон. Алардын 252си окко учуп, бир миң беш жүздөн ашык жоокер жарат алышкан жана беш жүз сексен үчү майып болгон. Төрт жоокер дайынсыз жоголгон.






  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG