Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: МЫКТЫ АҢГЕМЕ КИМ ЖАЗАТ?


Бишкектеги музей галереясында сүрөтчүлөр Данакан Адашканова менен Саркын Сооронбаевдин эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Көргөзмөдө эки сүрөтчү биригип 60 эмгегин көрүүчүлөрдүн сынына коюшту. Анын ичинде жаз мезгилин, кыргыз элинин тарыхын, кыргыз жеринин кооздугун чагылдырган сүрөттөр бар. Бул көргөзмө 20-февралга чейин созулат.



Маданият министрлиги айыл клубдарынын жана китепканаларынын арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык Ош облусунун Исанов, Нарын облусундагы Кайындыбулак маданият үйлөрү сыйлыкка татыктуу болгон. Ал эми китепканалардан Түп районунун Карачункур айылындагы, Сокулук районунун Асылбаш айылындагы китепканаларга байгелер ыйгарылган.

“Калемгер” адабий клубу жалпы жазмакерлерге мыкты аңгемелер жана пьесалар үчүн жарыялаган сынагын жыйынтыктады. Ага жалпысынан 25 аңгеме, ондон ашык пьеса келип түшкөн. Эми ал чыгармаларды курамы професионал адабиятчылардан турган калыстар тобу карайт. Андан соң жеңүүчүлөр аныкталып, байгелер бөлүштүрүлөт. Ошондой эле жеңүүчүлөрдүн чыгармаларынан турган “Булак 3 аңгемелер топтому” жана “Булак 2 пьесалар топтому” чыгат. Бул туурасында аталган адабий клубдун жетекчиси Мирлан Самыйкожо уулу билдирди.

Ырчы Роза Шакирова Бишкекте жеке концертин берди. Ага Гүлнур Сатылганова баштаган бир катар ырчылар, “Тунгуч” театрынын артисттери жана куудулдар катышты. Ырчынын айтуусунда, ушул эле программадагы концертин келерки жумада Ош, Жалалабад шаарынын тургундарына тартуулайт.

30-январдан 11-февралга чейин Токиодогу ”Пентакс Форум” комплексинде“Кыргызстан улуу жибек жолундагы тоолордун өлкөсү” аттуу сүрөт көргөзмө өттү. Анда жапон фотосүрөтчүсү Кацухико Фушими өткөн жылы Кыргызстанда келип тарткан 40 сүрөтүн койгон. Башкача айтканда, жапондуктардын сынына Кыргызстандын жаратылышын чагылдырган эмгектер коюлган.



Швейцариядагы Цюрих шаарындагы галлереядан баасы 160 млн долларды түзгөн сүрөттөр уурдалган. Тартип коргоочулардын айтымында, куралданган уурулар күзөтчүнү коркутуп туруп, сүрөттөрдү алып кетишкен. Бул Швейцариянын маданий чөйрөсүндөгү акыркы 20 жылдагы ири өлчөмдөгү уурдоо болду.

Журналист Анна Политковская тууралуу тартылган даректүү тасма Берлиндеги кинофестивалда көрсөтүлдү. Бул фильм маркумдун жакындарынан, кесиптештеринен жана курдаштарынан алынган маалыматтардын негизинде тартылган. Анна Политковская 2006-жылы өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр тарабынан өлтүрүлгөн.



Орусиялык ишкер коллекционер Максим Викторов Лондондук Жузепе Гварнер жасаган скрипканы өзүнүн коллекциясына кошкон. Алынган маалыматтарга караганда Викторов ал скрипканы дүйнөлүк баадан да өйдө турган акчага сатып алган.

Нью-Йорктун тургундарына бул жумада орус тасмалары тартууланды. Анда орус режиссерлору жараткан 1920-жылдан бери тартылган тасмалар көрсөтүлгөн. Бул иш-чара орус киносунун мааракесине карата өткөрүлдү.
XS
SM
MD
LG