Гонконгодо чыгуучу "South China Morning Post" басылмасынын бүгүнкү санында жарыялангандай, бул сынакка катышууну каалагандар белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек. Маселен алардын боюу кеминде 1 метр 68 сантиметрден төмөн болбоосу жана 1 метр 78 сантиметрден ашпоосу абзел. Андан кийинки талап бет жана дене түзүлүшүнүн сымбаттуулугу. Маалыматка караганда, жалпысынан августтагы Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө медал тапшыруу үчүн 380 келин –кыз талап кылынат.