Миңдеген косоволук албандар бул окуяны улуу майрам катары белгилөөгө камынууда. Ал эми улуттук азчылыкты түзгөн косоволук сербдердин оодук бөлүгү аймактын Сербиядан жиктелишине каршы нааразылыгын билдирип келет.
Аймакта бейпилдикти камсыз кылып жаткан НАТО аскерлери кагылышуу ыктымал саналган жайларда коопсуздук чараларын күчөтүп, улуттар аралык кагылышууга алып келчү эч кандай провокация аракетине жол берилбестигин эки тарапка тең эскертти.
Европа Биримдигинин (ЕБ) мүчө өлкөлөрүнүн басымдуу бөлүгү жана АКШ Косовонун эгемендигин таануусу күтүлүүдө.
Сербия болсо Косово аймагынын албан жетекчилиги жикчилик саясатын андан ары тереңдетип, бир тараптуу эгемендик жарыялачу болсо, анда аймакка карата дипломатиялык жана экономикалык кысым жасалаарын эскертти, бирок аскер күчү колдонулбай турганына да ишаара кылды.
Европа Биримдигинин мүчө өлкөлөрү кечээ (ишембиде) Косово аймагына 1800 кишиден турган көмөкчү топту жиберүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул топ аймакта тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо чараларын жүзөгө ашырмакчы.
1999-жылы НАТО аскерлери сербиялык аскерлерди Косоводон сүрүп чыккандан бери аймакты БУУнун атайын өкүлчүлүгү башкарып келет.
Эми төрт айдын ичинде аймакты башкаруу, андагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу БУУдан ЕБнин көмөкчү тобуна толугу менен өткөрүлүп берилмекчи.
Косоводогу соңку кырдаал тууралуу бүгүн “Кечки Азаттык” берүүбүздөн толугураак маалымат ала аласыздар.