Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Косово бийлиги аймактын эгемендигин жарыялоого беленденүүдө


Сербиянын жикчил аймагы Косово бүгүн өзүнүн мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялашы ыктымал. Аймактын басымдуу калкын түзгөн албан тегиндеги тургундар Косовонун борбору Приштинага чоң салтанатка беленденип миңдеп келүүдө.

Бүгүн (жекшембиде) саат үчтө (Бишкек убакыты боюнча саат кечки сегизде) Косово парламенти өз жыйынын баштайт. Жыйында аймактын эгемендиги тууралуу расмий жарыяланышы күтүлүүдө.

Сербия болсо бул кадамды мыйзамсыз деп алдын-ала эскертти. Дүйнө коомчулугу, анын ичинде Европа Биримдиги бул окуяга карата кайчы пикирлерин билдирүүдө.

Миңдеген косоволук албандар бул окуяны улуу майрам катары белгилөөгө камынууда. Ал эми улуттук азчылыкты түзгөн косоволук сербдердин оодук бөлүгү аймактын Сербиядан жиктелишине каршы нааразылыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG