Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди. “Өлкөдөгү саясий-экономикалык абалдын курчушуна байланыштуу бизге бир топ адамдар “акцияларды өткөрөлү” деп кайрылып жатышат. Андыктан бул маселе коомдук парламенттин жыйынында каралат”, - деди А. Жекшенкулов. «Акыйкат үчүн» кыймылынын астында биригип жаткан Кыргызстандагы бийликке каршы жана калыс күчтөр жыл башында коомдук парламент түзүү чечимин кабыл алган. Учурда коомдук парламенттин курамы негизинен куралып бүтүп, алгачкы отурумда каралчу маселелердин күн тартиби аныкталды. Буга чейин анын жобосу жана регламенти бекитилген. (ZMa)