Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: УКУКТАРЫН КОРГОЙ БИЛБЕГЕН АДАМ ЧИНОВНИКТИН ЖЕМИ БОЛОТ


“Жарандар коррупцияга каршы” уюму бүгүн швециялык “Эмнисти интернейшнл” уюму менен бирдикте адам укуктары боюнча тренинг жыйындарын өткөрүп баштады. Бул иш чаранын максат-мааниси жөнүндө аталган уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова айтып берди.

- Бул эң маанилүү окуу процесси. Анткени эл аралык инструменттерди адвокаттар жана укук коргоочулар жакшы өздөштүргөн эмес. Ошон үчүн биринчи жолу адам укугу боюнча иштеген 20адвокатт жана укук коргоочуларга ушундай үч күндүк окутуу процесси болот.

- Буга негизинен укук коргоочулар жана адвокаттар гана катышат турбайбы?

- Көп жылдан бери тажрыйбасы бар укук коргоочулар жана кыйноодо калган адамдардын укуктарын коргогон адвокаттар бул иш чарага тартылган.

-Адам укуктарын коргоо боюнча бейөкмөт уюмдардын ичинен саналуу 5-6 гана уюм активдүү иш алып барып жатканы белгилүү. Ошондой эле каттоодон өткөн 100дөн ашуун адам укугун коргоо боюнча бейөкмөт уюмдар грант алуу үчүн гана иштеп жатабы. Эмне себептен алардын иштери коомчулукка көрүнбөй атат?

- Мен андай баа бергенден алысмын. Анткени мамлекеттик эмес уюмдар эркин жана ар биринин өзүнчө багыты бар. Ошон үчүн кээ бирки мамлекеттик эмес уюмдар, мисалы укук коргоочулар журналистерсиз иштегенди жакшы көрүшөт. Мисалы, аялдар боюнча кризистик борборлор же болбосо жашы жетелек өспүрүмдөр боюнча уюмдар. Ошон үчүн мен ойлойм, каттоодон гана өтпөй, адам укугун коргогонго өзүнүн салымын кошуп, ар бири мамлекеттик эмес өз багытын жакшы иштетет деген ишеничим чоң.

- Өлкөдө адам укуктарына болгон бүгүнкү мамиле эл аралык деңгээлде Кыргызстандын кадыр-баркына кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Бул жашыруун сыр эмес, акыркы жылдары кыргызстандыктардын адам укуктары жана эркиндиктери тепселди. Бирок мен оптимистмин, башыбыздан кечирип аткан мезгилде, ар бир адам ушул Конституциянын алкагында жана эл аралык деңгээлде алынган жакшы декларациялык конвенциялардын алдында өзүнүн укугун гана эмес, чөйрөсүндө жашап аткан адамдарды да коргой алат деп ойлойм. Анткени мезгил келди, эгерде адам өзүнүн экономикалык, социалдык, маданий, же саясий укуктарын алып бара албаса сөзсүз түрдө бир чиновниктин жеми болуп калышы мүмкүн.

- Жаңыдан шайланган акыйкатчыга сиздер тараптан кандай сунуштар болот?

- Биз шайланып аткандын астында эле көп жолугушууларды өткөрдүк. Анда приоритеттүү маселелер бар, жакын аранын ичинде Турсунбек Акун мырза менен жолугуу пландаштырылып атат жана жемиштүү жакшы иштер болот деп ойлойм.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG