Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

17:10 Москвада бүгүн 50 чакты кыргыз жараны митингге чыгышты


Орусия баш калаасындагы «Реал» деп аталган соода борборунда жалданып иштеген кыргызстандык эмгек мигранттары аларды жумушка алгандагы келишимдин талаптары аткарылбай, эмгек акысы аз төлөнүп жатканына нааразылык билдиришти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Москвадагы кыргыздардын «Алатоо» уюмунун башчысынын орун басары Ырыскадыр Иманалиев билдирди. Анын айтымында, маселени чечүү боюнча соода борбордун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок азырынча натыйжа чыга элек. Мындай сүйлөшүү эртең да уланмакчы. Ырыскадыр Иманалиев ошондой эле окуя болгон жерге кыргыз элчилиги менен миграция боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү да барганын кошумчалады.(SM)

XS
SM
MD
LG