Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

КАЗАКСТАН ЖАКЫН, БИРОК КАРКЫРАНЫ КАНТЕБИЗ…


Бул күндөрү Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев Казакстанда расмий сапар менен жүрөт. Астанада ал кыргыз-казак тышкы иштер министрлеринин кеңешинин экинчи жыйынына катышат. Ал эми март айында кыргыз-казак мамлекеттер аралык Жогорку Кеңештин экинчи жыйынын өткөрүү белгиленүүдө. Эки тарап жогорку деңгээлде кызматташуу ниетин билдирип жаткан менен чек ара, пансионаттар маселеси оңойчулук менен чечилбей келатат.

Эднан Карабаевдин Астанага сапары учурунда Кыргызстан менен Казакстандын Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин экинчи отурумуна даярдык көрүү маселеси талкууланат.

Президенттер өткөрө турган экинчи отурум болсо март айына белгиленүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов маалымдап, президенттер Курманбек Бакиев жана Нурсултан Назарбаев катыша турган жыйында кандай маселелер каралары тууралуу буларды айтты:

-Саясий, экономикалык, маданий маселелер каралат. Саясий жагынан Орто Азияда союз түзүүнүн концепциясы талкууланат.Экономикалык багытта болсо буга чейин кабыл алынган “Аракет планы” бар. Ошонун жоболору каралат, анын ичинде суу маселеси, дан, энергетика, чек ара маселеси болобу баарын карашып, аларды талкуулашат.

Кыргызстан менен Казакстан ортосунда көптөн бери чечилбей келаткан маселе - бул Ысыккөлдөгү пансионаттар жана чек ара маселеси. Бешимовдун айтымында, бул маселелер парламенттин кароосунда турат. Кыргыз өкмөтү аны чечүүнү жеңилдетүү үчүн талаш деп эсептелген Токмоктогу участок менен депутаттарды тааныштырып келди.

Ушундай эле сапарлар эми Ысыккөлдөгү Каркыра жайлоосуна жана Таластагы мрамор чыккан карьерага уюштурулат. Кыргыз-казак чек ара келишими боюнча бул участоктор Казакстанга өтүп, ал бир катар нааразылыктарды жаратып келатат. Мына ошонун айынан чек ара келишими кыргыз парламентинде ратификацияланбай турат.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун билдирүүсүнө караганда, Жогорку Кеңештин депутаттары Токмоктогу участок менен таанышкандан кийин ал жерди ратификациялоого макулдугун беришүүдө. Ал эми Каркыра жана Таластагы участоктор кар кеткенден кийин каралууга тийиш:

-Түп районундагы Каркыра боюнча, азыр ал жерде кардын калыңдыгы бир жарым метр болуп турат. Кар кичине ээрисин анан барабыз. Биз азыр барып, жолго туруп алып эле тээтиги жер экен дегенге мен каршымын. Ошон үчүн муну кароону марттын аягы, апрелдин башына жылдырдык. Ал эми Таласка болсо марттын орто ченинде барып келебиз.

Ал эми пансинаттар маселеси болсо ал жерлерди көп жылга ижарага берүү менен чечилсе дурус болоорун төрага орун басары кошумчалады.

Белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиев эки өлкөнүн союздаш мамиле түзүү аракетин колдоого алып, бирок пансинат маселеси кыргыз мыйзамдарына жараша чечилиш керектигин белгиледи:

-Эгерде эки мамлекеттин биримдиги түзүлүп калса бизге деле жакшы болмок. Мына биздин мигранттар өтө албай, барып иштей албай кыйналып келатат. Бирок биримдик түзүү сөз-сөз бойдон калууда. Анан пансионаттар маселеси такай эле чыгып келатат.Ушуну өзүбүздүн мыйзамдардын негизинде чече албай атабыз.

Парламенттен алынган маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун да жакын арада Казакстанга сапары даярдалууда.

Анын учурунда Мадумаров казактардан Каркыраны сурайбы, же Каркыраны казактарга берүүнү кыргыз парламенттинен сурайбы-азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG