Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

19-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Шериктеш мамлекеттердин окумуштуулары 2005-жылдын 19-февралында Бишкек шаарына чогулушуп, илим багытындагы интеграция маселелсин талкуулашты. Кыргыз жазма адабиятын калыптанышына зор салым кошкон кыргыз калкынын көрүнүктүү коомдук ишмери Бөрү Кененсарин 1964-жылдын 19-февралында дүйнө менен кош айтышкан.

Россия императору Александр II 1876-жылдын 19-февралында Кокон хандыгынын жоюлушу жана анын ордуна Фергана областынын уюшулушу туурасында жардык жарыялаган. Падышалык жардыкта Түркстан чөлкөмүнүн түштүк-чыгыш чегарасындагы бейпилдикти камсыз кылыш максатында Фергана областын куруу зарылчылыгы белгиленет. Фергана областы административдик жактан Түркстан генерал-губернатордугуна, аскер бийлиги боюнча Түркстан аскер округуна киризилген. Фергана областынын начальнигине аймакты басып алуудагы эмгеги эске алынып, генерал М. Д. Скобелев дайындалган.
Кыргызстандын калкты тамак-аш менен камсыздоо кошуну 1926-жылдын 19-февралында үй кызматчыларын кошуунга кабыл алуу туурасында чечим чыгарды.

Кыргыз ВКП (б) обкому менен контролдоо комитетинин IV бириккен пленуму 1933-жылдын 19-февралында ишин аяктады. Пленумда жазгы айдоо компаниясы жана түшүмдүүлүктү арттыруу, малчарбасын өнүктүрүү менен туруктуу тоют базасын куруу сыяктуу маселелер каралды.

Шериктеш мамлекеттердин окумуштуулары 2005-жылдын 19-февралында Бишкек шаарына чогулушуп, илим багытындагы интеграция маселелсин талкуулашты. Илим жыйынына Кыргызстан, Азербайжан, Беларусия, Латвия жана Россия илим академияларынын жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин илимпоздору катышып, окумуштуулар постсоветтик мейкиндиктеги билим берүү тармагын өркүндөтүү, эларалык стандарттарды кабыл алуу маселелерин талкуулашты.

Кыргызстанда түстүү революция болбойт жана аны самагандардын тилеги ишке ашпайт,-деп билдирди президент Аскар Акаев 2005-жылдын 19-февралында Бишкекте өткөн Шериктеш мамлекеттердин окумуштуулар жыйынында. Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстанда демократиянын пайдубалы бекем орноп, калктын «лимон революциясы», «кызгылт сары революция» сыяктуу вирустарга иммунитети иштелип чыккан.

Нарын областтык Кеңеши 2005-жылдын 19-февралында област аймагында митинг жана демонстацияларга мораторий жарыялоо туурасында токтом кабыл алды. Токтомдо каралгандай, коомдук жайларда боз үй, чатыр тигүүгө тыю салынып, аны көзөмөлдөө иши жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырылган.

Кыргыз жазма адабиятын калыптанышына зор салым кошкон кыргыз калкынын көрүнүктүү коомдук ишмери Бөрү Кененсарин 1964-жылдын 19-февралында дүйнө менен кош айтышкан. Бөрү Кененсарин 1896-жылы жарык дүйнөгө келип, анын киндик каны Сокулуктун Саз айлына тамган. Кичинесинен китеп окуп, билим дүйнөсүнө аралашкан Бөрү Кененсарин, Совет мезгилинин башталгыч убагында «Кошчу» союзунда иштеп, кийин Касым Тыныстанов менен бирге «Алиппе» комитетинде эмгектенген. Убагында ал «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору, Кыргыз ТАГда редоктордук ишти аткарган.

Бу күнү, 1473-жылы поляк астроному, гелиоборбордук дүйнө системасын ачкан Коперник, жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG