14-февраль күнү Астана соту «Мыйзам жана Адилеттүүлүк» басылмасынын ишмердигин токтотуу тууралуу буйругун чыгарды. Соттун бул чечими гезит каттоодон өтүп жатканда мыйзам бузуулар орун алган деген айыптоого негизделди.
Бирок гезит ээлери аларга койгон бул доону четке кагып, каттоодогу мындай мыйзам бузуулар алардын басылмасынан эмес, аты уйкаш башка гезитте орун алганын айтышууда. Гезиттин баш редактору Токберген Абдиев «Азаттыкка» мындай деп билдирди:
«Мыйзам жана адилеттүүлүк» гезит корунун негиздөөчүлөрү такыр башка адамдар. Биз бул чечимге каршы аппеляциялык арызыбызды берип, Жогорку сотко кайрылабыз, кандай гана болгон күндө да өзүбүздүн тууралыгыбызды далилдейбиз .
Т. Абдиев бул чечимди чыгарган Астананын район аралык экономикалык соту алардын басылмасын башка гезит менен атайылап чаташтырды деген пикирде. Анткени соңку мезгилдерде басылма бетинде айрым соттордун мыйзамсыз иш-аракеттери кескин сынга алынган эле.
Маселен, жакында эле гезитте Астана шаардык сотунун төрагасы Сайлаубек Жакишев тууралуу сын макала жарык көргөн.
«Мыйзам жана адилетүүлүк» гезитинин баш редактору Абдиев Казакстанда сот системасы аркылуу ММКга (массалык маалымат каражаттарына) басым көрсөтүлүп, бул көз карандысыз маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүү аракети болуп жатат дейт.
Анын айтымында, гезитке буга чейин деле эскертүү сымал ишаралар болуп келген. Алалы, бир жылдай мурунураак аталган гезиттин 39-жаштагы кабарчысы Оралгайша Омаршанова дайынсыз жоголуп кеткен. Ал акыркы жолу улуттук азчылык өкүлдөрү менен жергиликтүү элдин чыр-чатагын иликтөө үчүн Алматы шаарынын түндүгүндө жайгашкан чакан шаарга кызматтык сапарга чыккан. Бу кабарчы ошо бойдон кайткан эмес. Эмгиче анын өлү-тирүүсү тууралуу кабар жок.
Эми ал айым иштеген «Мыйзам жана адилетүүлүк» гезитинин да кийинки тагдыры белгисиз, убактылуу токтоп турат. Жогорку тепкичтеги сот анын арызын качан караары белгисиз.
Укук коргоочулардын айтымында соңку мезгилде Казакстанда интернет мейкиндигиндеги көз карандысыз ММКга да тоскоолдуктар орун алып жатат.
Айталы, 15-февраль күнү Казакстандагы эркин деп эсептелген Инкар инфо үналгысынын сайты казак интернет пайдалануучулар үчүн ачылбай калды.
Былтыр да бул интернет сайт убактылуу жабылган болчу.
Казак укук коргоочуларыын белгилөөсүндө, өткөн жылдын соңунда да Гео кейзет, Куб кейзет, Зона кейзет нет, Инкар инфо сайттарынын иши техникалык себептерге шылтоолонуп атайылап тоскоолдукка учураган.
Натыйжада Инкар инфо менен Куб кейзет сайттары хостингдерин алмаштырганга аргасыз болгон. Бирок минтип ишке киришкенине бир жума боло элек Инкар инфо үналгы сайтынын ишмердиги эми кайрадан үзгүлтүккө учурады. Кызыгы, сайт Казакстандан тыш чет өлкөлүктөр үчүн дагы эле ачык.
Бул окуялардан улам серепчилер жакынкы келечекте Казакстандын маалымат мейкиндигинде жалаң эле бийликчил ММК калат өндүү дешүүдө. Анткени баш көтөргөн эркин ММКнын ишмердиктери тоскоолдуктарга учуродо.
Ал эми калган ири ММК президент Нурсултан Назарбаевдин тууган-туушкандарына же болбосо анын жакын санаалаштарына таандык болууда дешет алар.
Азырынча Казакстандын расмий бийлигинин бул күдүк ойлорго карата пикирин билүүгө мүкүн болгон жок.
Элен Куленбекова, Прага