Электр кубаты менен Кыргызстандын 60 пайыз аймагын жабдыган “Түндүкэлектро” өңдүү ишкананы менчикке же концессияга берүүдөн мурун айылдык же райондук деңгээлдеги ишканаларды эксперимент катары ушул тартип менен иштетип көрүү керек деп билдирди мурдагы депутат “Азаттыкка”. “Жалпысынан бөлүштүрүүчү ишканаларды менчиктештирүүгө каршы эмесмин, бирок бул жараянды баштоодон мурун өкмөт чакан бөлүштүрүүчү компаниялардын бирин аукциондон сатып көрүп, бирин кооперативдик менчикке берип, бирин ошол ишканада иштеген жамаатка өткөрүп, менчиктештирүүнүн бир нече жолун колдонуп көрсө болмок”, - деди Тайырбек Сарпашев. (JTo)