Сапарынын биринчи күнүндө Манучер Моттаки Кыргызстан тышкы иштер министри Эднан Карабаев менен жолугушмакчы. Тараптар укуктук жааттагы эки келишимге кол коюшат деп күтүлүүдө. Андан соң Иран тышкы иштер министрин Кыргызстан жетекчилиги кабыл алат. 22-февраль күнүнө Манучер Моттакинин ЖК төрагасы Адахан Мадумаров жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-иран өкмөттүк комиссиянын кыргыз тарабынан жетекчиси, каржы министри Тажикан Калимбетова менен жолугушуулары белгиленген деп кабарлайт ТИМдин маалымат кызматы. (JTo)