Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

ТҮНДҮК КОСОВОДО ЧЕКАРА ЖАБЫЛДЫ


Косовонун түндүгүндө Сербия менен тогошкон чекара бир суткага жабылды. Бул жерде негизинен серб калкы жашайт,алар бир нече күндөн бери нааразылык жыйындарын өткөрүп,аламандап жатышат. Белградда да массалык ири демонстрациялар болгону жатат. Косовонун көз карандысыздыгын тааныган айрым өлкөлөрдөн Сербия өз элчилерин чакыртып ала баштады.

НАТОнун күчтөрү Косовонун түндүгүн Сербиядан бөлүп салышты, кан жол тосулуп, Черногориянын чекарасы да көзөмөлгө алынды. Буга шейшемби күнкү тополоң себеп болду.

Аламандаган сербдер бул жердеги өткөрмө эки чекара пунктту талкалап, өрттөп салышты, Улуттар Уюмунун миссиясы жайгашкан имаратка бомба ыргытышты.

НАТОнун өкүлү чекара бир суткага жабылганын билдирди. Ал кечээги окуяларды ырастап, Косовонун түндүгүндө жана түндүк-батышында жашаган сербдер мурда токтоолугун көрсөтүп келгенин белгилеп, ошол эле учурда мындан ары алардын тополоңдоруна жол берилбей турганын эскертти.

Шейшемби күнкү окуяларга Вашингтондо мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак да токтолуп, Косоводо жана Сербияда, жалпы эле Балканда жашаган элдерди сабырдуу болгонго чакырды. Тополоңдор проблеманын чечилишине жардамдашпайт, аны кайра күчөтөт, деп айтты мамлекеттик департаменттин өкүлү.

АКШ менен Батыштын бир катар өлкөлөрү -Британия, Франция, Германия, Италия - Косовонун көз карандысыздыгын таанышты. Ырасмий Белград аталган өлкөлөрдөн өз элчилерин чакыртып ала баштады.

Өлкөнүн тышкы иштер министри Вук Еремич Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунда сүйлөгөн сөзүндө Косово эч качан эгемен өлкө болбойт жана Сербиянын курамында калат деп билдирди. Косовонун көз карандысыздыгын Россия, Кытай жана башка өлкөлөр тааныгандан баш тартышты.

Мунун аралыгында Косового Евросоюздун тышкы саясаты жана коопсуздугу боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана келди. Косоволук албандарды ал Евросоюздун экономикалык жардамына жана саясий колдоосуна ишендирди.

Шаршемби күнү Сербиянын президенти Борис Тадич менен өкмөт башчы Воислав Коштуница жалпы калкты баш аламандыкты токтотууга чакырышты.

Президенттин кайрылуусунда “тынчтык жана акыл-эстүү кадамдар гана Косовону коргоп калганга укук берери”, ал эми “ар бир калпыс кадам косоволук сербдердин коопсуздугуна коркунуч түзөрү” айтылат. Сербдер Белградда улуттук масштабда демонстрация өткөргөнү жатышат.

XS
SM
MD
LG