Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

РОССИЯ: БАЙЛЫКТЫН БАРЫ ДА БАЛЭЭ, ЖОГУ ДА БАЛЭЭ


Россияда он эле кишинин байлыгы 220 миллиард доллардан ашат. Ал эми жакыр абалда жашагандар жалпы калктын 32 процентине барабар. Буга кошумча экономикалык өнүгүү өлкөдө массалык керектөөнү күчөттү, калк иштеп тапкан акчасын үнөмдөгөндүн ордуна андан арылганга умтула баштады. Бийликтер мындай абалдан социалдык кандайдыр бир коркунучтарды көрбөйт,адистер болсо мунун арты калктын экономикалык коопсуздугун начарлатып, саясий стабилдүүлүккө бүлүк саларын эскертишүүдө.

Россиядагы азыркы экономикалык абал баарыдан мурда керегесинен май тамган табышкерлерге жагат. Алардын бири Игор Боков мындан он беш жыл мурда дүкөн текчелери жылан сыйпап кеткендей сыпсыйда болсо, азыр дүр-дүйнө батпай, ар түрдүү товарларга шыкалып турганына шүйшүнөт. “Илгери Германияда колбасанын отуз түрү бар десе ишенчү эмеспиз, эми мындайга эч ким деле таң калбай калды”, - дейт ал.

Бирок мындай абалдан россиялыктардын текши баары эле өздөрүн бактылуу сезип кеткен жери жок. Орус коомуна азыр байлыктын бары да балээ, жогу да балээ болуп баратат.

Илимдер академиясынын психилогия институнун орунбасар директору Андрей Юревич соңку жылдардагы экономикалык оң жылыштар жакшы турмушка ишеним жаратып жатканын ырастайт. Ошол эле учурда мындай өсүштүн өтө эле оңурайып көрүнүп турган оош-кыйыштары коомдун психологиялык абалын начарлатып койгонун да бышыктайт.

“Өлкөнүн орток бөлкөнтайы адилет бөлүштүрүлбөй, байларды ого бетер байытып, кедейлерди андан бетер кедейлентип жатат, мунун өзү калктын жалпы маанайына жагымдуу таасир тийгизбей турганы анык”, - дейт ал.

Бүткүлдүйнөлүк соода уюмунун изилдөөлөрүнө таянсак, калктын үркөрдөй бай катмары жакыр жашагандардан он төрт эсе көп киреше тапкан өлкөлөрдө социалдык тополоңдор мүмкүнчүлүгү кескин күч алат. Россияда бул айрыма азыр 15 эсеге барабар. Бекеринен Путин калктын турмуш шартын жакшыртууну, орто тапты ар тараптан колдоону быйылкы жылдын башкы милдети кылып жарыялаган жок.

Ырасмий өкүлдөр стабилдүүлүктүн бекем шарты, кебелгис негизи түзүлдү деп ырасташканы менен адистер Россия социалдык жактан бат өзгөрмө коомго айланып баратканын эскертишүүдө.

“Азыркы абал өзүнчө эле бир буктурмага окшош, -дейт Левада борборунун эксперти Марина Красильникова. – Бир жагынан саясий бийлик жашоо деңгээлин жогорулата албайт,экинчи жактан алганда,эгер ал жогоруласа, анда саясий бийликтин өзүнө коюлган талаптар кескин жогорулайт. Ошондо ортодо сөзсүз тиреш чыкпай койбойт, буга саясий бийлик даярбы-жокпу, ушу жагы белгисиз”.

Өлкөнүн табигый эпсиз байлыктарынан, айрыкча мунайы менен газынан негизинен өйдө жактагылар гана жалчып-маарып,төмөнкү катмарга андан төөнүн корголундай да пайда түшпөй жатканын жаздемсиз байкап-багып отурган карапайым орустар тапкан-ташыганын эптеп эле товарга айлантып алганга ат коюп калды.

“Эл арасында акчанын куну түшөт, атүгүл алмашылат дегендей ар түрдүү аңырт-айың кептер күч алды. Эл тапкан мыдырын мурдагыдай жастык алдына катпай калды,банктарга да салбай калды. Кокус бир балакет чыгып, бөөдө күйүп кетпесин деп колго тийген акчасына буюм-тайым алып койгонду оң көрүп жатат”,- дейт бизнесмен Боков.

XS
SM
MD
LG