Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

КОРРУПЦИЯНЫН БАШЫНДА И.ЧУДИНОВ ТУРАБЫ?


“Өкмөт башчысы Игорь Чудинов Өзбекстандан келген газды “БЭК” деп аталган жеке фирма аркылуу сатып марыганбы?”. Мына ушул баштема менен жарык көргөн “Де-факто” гезитине “Кыргызгаз” акционердик коомунун башкы инженери болуп келген Керимбек Сарбашев газ тармагындагы коррупция тууралуу ачык айтып чыкты. Эң кызыгы ошол коррупциянын башында өкмөт башчысы И.Чудиновдун тургандыгы. К.Сарбашев мырзанын айтуусу боюнча И.Чудинов элдин чөнтөгүнөн чогулган акчага Өзбекстандан сатылып келип аткан газды өзүнүн ортомчу фирмасы аркылуу чоң-чоң ишканаларга сатып акча жасап келатканын, мисалы 1996-жылы ушундай жол менен 97 миллион куб газды, өткөн жылы 100 миллион куб газды сатканын, газдын 1 кубу ишканалрга 9 сомдон сатыларын, ошондо болжол менен эле эсептегенде И.Чудинов 25 миллион доллар пайда тапканын, азыр анын “БЭК” деп аталган жеке фирмасы аты өзгөрүп башкача аталарын, бирок газды трубадан сордуруп жең ичинен сатуу дале улантылып жатканын айткан.

Мындан тышкары газ тармагына керектүү техникаларды кымбат сатып алдык деп документ толтурушарын, мисалы “аварийный машина” алып келдик деп Кытайдан 4,5 миң долларга сатып алып, анан аларды Чудиновдун жеке фирмасы аркылуу 13-14 миң долларга документин тууралашканын, аны тастыктаган далилдер өзүндө бар экенин, мына ушул чектен чыккан кыңыр иштердин баарын убагында эсеп палатасы текшергенин, бирок унчукпай олтурганын, президент К.Бакиевге да кат жолдошконун, бирок андан да эч кандай реакция болбогонун, дагы бир күйгөнү Баткендин Сох деген жеринде газды жер астында сактоочу жай барын, аны өзбектер пайдаланып, жылына 2 миллиард куб газ сактап келатканын, эгер ошол газ сактоочу жайдан Кыргызстан 10 пайыз эле аренда акы төлөтүп алганда бүтүндөй Түштүк элин бекер газ менен камсыз кылса болорун, тилекке каршы кыргыз жетекчилери ошону жасаганга да жарабай олтурушканын баяндаган.

Акырында жана бир корко турган жагдай: Бишкектеги “Жал артис” деген фирма көп кабаттуу үйлөрдү салып, 16 кабат үйлөргө газ киргизебиз деп атканын, ал эми эреже боюнча мындай кабаттагы үйлөргө газ кийирүүгө болбостугун, эгер ага жол берилсе газ басымы жогорулап, 2-3-кабаттагы үйлөрдө жарылуу болорун К. Сарбашев мырза нефти-газ институтун бүтүргөн жалгыз адис катары какшап айтып жатканын баса белгилеген.

Ушул эле гезит өлкөнүн 1-вице-премьери Искендер Айдаралиев Жалал-Абад облусуна барып, президент Бакиевди кайра шайлап албайлыбы деп тоңуп турган музду ордунан козгоп койсо иш таппай турган кошоматчылар Бакиевди жабыла мактап-жактап эл аралай чабышканын, Аравандын Нурабол, Төбөкоргон айылдарынын 28 миң калкы 2 айдан бери электр жарыгы жок олтурганын, Финансы министрлигинин тышкы карыздар башкармалыгынын башчысы Эрнис Абдуразаков 10 миң АКШ долларын пара катары алып жатып колго түшкөнүн маалымдап, булардан тышкары Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы чегараларды делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун “Казактарга жерди берген жокпуз, болгону алмаштык” деген, академик Абдыганы Эркебаевдин “Пародияга окшош парламентке эл ишенбейт” деген, Азимбек Бекназаровдун “Бакиев деле Самарадагы кайын-журтуна качып кетет” деген интервьюлары жарык көрдү.

“Общественный рейтинг” гезити белгилүү коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун “Бийлик монополизми белек дагы, жыргал дагы эмес, ал деген оор түйшүк” деген макаласын басты. Ушул эле гезит “Турак-жай базары тунжурап турабы?” деген дагы бир макаласында Бишкектеги үйлөрдүн орточо баасына сереп салган. Маселен Бишкектеги 1 бөлмө квартира баасы (сталинка)- 36 миң доллар, өзгөчө планировкалуулары-41 миң доллар, 2 бөлмөлүү “хрущевкалар”- 44 жарым миң доллар, өзгөчө планировкадагылары-74 миң 200 доллар, 3 бөлмөлүү “хрущевка распашонкалар”-52 миң 800 доллар, өзгөчө планировкадагылары- 87 миң 100 доллар, 4 бөлмөлүү 105-сериядагы квартиралар-97 миң доллар, өзгөчө планировкадагылары- 132 миң доллар, 5 бөлмөлүү 105-сериядагылары- 110 миң доллар, өзгөчө планировкадагылары-264 миң доллар баада сатыларын, ал эми Бишкектин абасы таза деген райондорундагы жер үйлөрдүн орточо баасы-126 миң 100 доллар, эки кабаттуу особняктар -222 миң доллар турарын жазды. Гезит ошондой эле тарыхчы Табылды Акеровдун “Чынгызхандын каны кыргызбы?” деп аталган макаласынан үзүндү жарыялаган.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG