Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

14:00 Улутчулдукка, фашизмге, расизмге каршы акция өткөрүлөт


Бул иш-чараны Орусиядагы улутчулдардын колунан каза тапкан кыргызстандык жарандарга арнап “Тынчтык –маданият жарыгы” коомдук уюму өткөрдүүдө. Аталган уюмдун жетекчиси Максим Кулешовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча акция эртең, 22-февралда Тынчтык аянтында экинчи дүйнөлүк согуштагы фашизмдин курмандыктарын эскерүү менен башталат. Андан кийин иш-чаранын катышуучулары жөө жүрүш менен Өкмөт үйүнө келип, мамлекет башчы Курманбек Бакиевдин атына Орусиядагы улутчулардын колунан каза тапкан кыргыз жарандарын эскерүү үчүн 8 күндүк аза күтүү жарыялоосун талап кылган кат тапшырмакчы. Аягында кыргызстандык жана жалпы эле КМШ мамлекеттеринин жарандарын фашисттик жол менен өлтүрүүнү уюштургандарга карата катуу чара көрүүсүн Орусия президенти Владимир Путинден талап кылган пикет Бишкектеги орус элчилигинин алдында болот, дейт Маким Кулешов. (ZKo)

XS
SM
MD
LG