Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

А. ОРМУШЕВ: ИРАН ШКУга КИРҮҮГӨ КЫЗЫКДАР


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кыргыз-иран, дегеле араб өлкөлөрү менен Кыргызстандын мамилелери тууралуу “Таңкы Азаттыктан” кабарчыбыздын суроолоруна Махмуд-Кашгари Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев жооп берди.

-Бүгүн Ирандын тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Кыргызстанга иш сапары менен келет. Эмне себептен Иран Кыргызстан менен алакаларды бекемдетүүгө кызыкдар? Маселен, Иран үчүн Бишкек маанилүү өнөктөш болуу кызыкчылыгынын артында анын ШКУга кирүү максаты турат деген пикирлер айтылып жатат. Буга кандай карайсыз?

- Туура. Тышкы саясатта ар бир мамлекет өзүнүн позициясын бекемдөөгө аракет кылган мезгил болуп жаткандыктан, ошондой эле Бишкекте өткөн ШКУнун саммитине Иран Ислам республикасынын президентинин келиши дагы алардын бул кызматташтыкка кирүүгө кызыкдар экендигине эч кандай шек жок.

-Ушул сапардын алкагында Ирандын ШКУга кирүү маселеси боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүлөр болушу мүмкүнбү?

- Балким, болушу мүмкүн. Тышкы иштер министри келип жаткандан кийин бул же тиги мамлекеттин тышкы иштер саясатын ошол өлкөнүн президенти багыттаарын бардык саясатчылар билишет. Ошон үчүн тышкы иштер министри түздөн-түз президенттин көрсөтмөсү менен көптөгөн тапшырмаларды алып келип, ошонун алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт деп кыргыз коомчулугу күтүп жаткан.

-Ошол эле кезде Кыргызстан АКШнын аба базасын жайгаштыруу менен араб өлкөлөрүнүн кыжырын келтирбейби?

- Азыр АКШнын Кыргызстандагы аба базасы жана Канттагы орус аба базасынын Кыргызстанда жайгашышы Борбор Азия үчүн керек деп ойлойм.

-Расмий маалыматтар боюнча Ирандын тышкы иштер министри менен эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык маселелер талкууланышы күтүлүүдө. Бирок адатта коопсуздук маселеси талкууланат эмеспи. Мына ушул өңүттөн караганда, Иран Кыргызстанда жайгашкан АКШнын аба база боюнча сунушун киргизиши мүмкүнбү?

- Балким. Бирок кыргыз коомчулугу үчүн аба база эмес, Иран менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык алаканы чыңдоого бардыгы кызыкдар. Себеби Ирандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммед Реза Сабири жакында биздин өлкөнүн өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен жолугушту. Мурда булар Кыргызстанга жардам катарында 50 миллион евро беребиз деп жүрсө, бул жолугушууда анын саны 250 миллион еврого жетип, Ирандын банкы Кыргызстанда ачылат деген сөз болду. Экинчиден, биздин электр лампочкаларды эң көп алган Иран болуп эсептелет. Эгерде биздин электр лампочкалардын сапаты аларга толук жооп берсе, булар андан дагы көп алат. Мындайча айтканда, биздин соода-экономикалык мамилелер болуп көрбөгөндөй өсүшкө жетет деген божомолдор айтылууда.

-Тышкы иштер министри Эднан Карабаев өткөн жумада араб өлкөлөрүн кыдырып келди. Айрым байкоочулардын көз карашында Кыргызстан араб өлкөлөрү менен кызматташууга мурдагыдан көбүрөөк көңүл буруп жаткансыйт. Мунун себеби эмнеде деп ойлосуз?

- Себеби бул же тиги мамлекеттин тышкы саясатын президент жетектейт. Ошонун негизинде президенттердин түздөн-түз көз карашына байланыштуу Кыргызстандын президенти Бакиевдин акыркы жылдары жүргүзгөн саясаты араб өлкөлөрү, чыгышта жайгашкан экономикасы күчтүү мамлекеттер менен алака түзүп, Кыргызстандын экономикасын андан ары карай жылдыруу деген максат го деген ойдобуз. Ошонун негизинде, Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев Сауд Аравиясында жана Бириккен Араб өлкөлөрүнө болгон алгачкы расмий сапары ийгиликтүү аяктады. Эгерде ошол араб өлкөрүнүнөн жигердүү жооп болсо, анда абдан жакшы болот.

Мына жакында эле Египеттин тышкы иштер министринин орун басары келип, биздин өлкөнүн маданият министри менен дагы жакшы меморандум түзүп кетти. Бул эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды, башкача айтканда араб өлкөлөрү менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий иштер мындан ары дагы алдыга карай жылат го деген чоң үмүттөр бар.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG