Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

АМЕРИКАЛЫК ЧАЛГЫНЧЫ-СПУТНИК ЭМНЕ ҮЧҮН АТЫП ТҮШҮРҮЛДҮ?


Америкалык чалгынчы-спутник Тынч океандын үстүндө атып түшүрүлгөнүн Пентагон тастыктады. Бирок, пландуу өткөн операция ийгиликтүү болдубу же жокпу, жума күнү маалым болот. Максат спутниктеги адам өмүрүнө зыяндуу гидрозин сакталган идишти Жер бетине түшүрбөй жок кылуу болчу. Бирок, Орусия жана Кытай чалгынчы-спутникти жок кылуу менен АКШ космостук куралын сынактан өткөргөн жокпу деп маселе козгошту.

АКШнын деңиз-аскер күчтөрү салмагы 9 тоннага жете бербеген бул спутникти Тынч океандын үстүндө 243-чакырым бийиктикте учуп баратканда атып түшүрүштү.

Вашингтондун билдиришинче, операциянын максаты: спутниктин отун катары жаккан гидрозин сакталган идишти мүмкүн болсо, спутник атмосферанын үстүнкү катмарына өткөнчө талкалоо болду. Адистердин айтымында, гидриозин Жерге түшсө, адамга олуттуу зыян тийгизиши, атүгүл өлүмгө алып барышы мүмкүн.

“USA 193”деп аталган бул спутник 2006-жылы орбитага чыгарылгандан бир нече саат өткөндөн кийин жер менен байланышын жоготуп, иштебей калган. Пентагон быйыл январда анын отун энергия системасы иштен чыкканын кабарлаган.

Вашингтондун чалгынчы-спутникти атып түшүрүүсү Орусияга, өзгөчө Кытайга жага бербеди. Ырасмий Бээжин АКШдан гидрозин кокус Жер бетине төгүлсө, алып алып келчү зыян боюнча маалымат берүүнү талап кылды:

- АКШнын кадамы космос мейкиндигине жана башка өлкөлөргө капылет келтирип калчу зыянды Кытай кылдат байкап турат. Кошмо Штаттары эларалык милдеттенмелерине жараша дүйнө коомчулугуна тез арада тийиштүү маалымат берүүсүн талап кылабыз. Себеби тийиштүү өлкөлөр сактык чарасын көрүшү абзел, - деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лю Чянчао бейшемби күнү Бээжинде.

Кытай жана Орусия мурда Кошмо Штаттарды ракетадан коргонуу технологиясын сыноодон өткөргөнүн жашыруу үчүн спутинктерди атып түшүрөт деп күнөөлөшкөн. Кытай да өткөн айда аба ырайы жөнүндө маалымат берип турчу спутнигин атып түшүргөндө, көпчүлүк өлкөлөр тарабынан ракетадан коргонуу системаны сыноо катары кабыл алынган.

АКШнын Тынч океан флотунун командачысы дагы чалгынчы-спутникти атып түшүрүү январда Кытай өткөргөн операцияга окшош болгонун ырастады. Бирок АКШ ракетаны атып түшүргөнү жатканын алдын-ала бир нече саам эскерткен, деди адмирал Тимоти Китинг. Ал эми Кытай, Китингдин сөзүнчө, “Ал жөнүндө эч кимге эч нерсе айткан эмес”.

Пентагон ошондой эле мыкты жабдылган чалгынчы-спутник каршы тараптын колуна түшүп калбасы үчүн жок кылынды деген божомолдорду да тегин сөз деп, четке какты.
XS
SM
MD
LG