“Мен ишенбейм!” акциясынын өкүлдөрү Данияр Үсөнов демилгечи болгон Бишкек шаардык кеңешинин митинг-акцияларды өткөрүүнүн эрежелери тууралуу токтомуна кыйладан бери каршы чыгып келаткандыктан, акыры бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылышып, мэр менен жыйында жолугуп, тил табышууну көздөшкөнүн билдиришти.
Бирок мэрдин келбегендигине байланыштуу акциянын демилгечилери каршылык акцияларын мындан ары да күчөтүшөрүн, тил табышууну каалабаган шаар жетекчилеринин токтомуна баш ийбей турушканын, алар бир гана өлкөнүн баш мыйзамына моюн сунушарын айтышты. “Мен ишенбейм!” акциясынын уюштуруучуларынын бири Мирзат Ажиев иш-чара тууралуу буларга токтолду:
- Биздин шаардын деңгээлиндеги биз чакырган коногубуз тилекке каршы келбей калды. Бул бийликте отурган кээ бир адамдардын өзүнүн элин ойлобогон, жаш муундун болочогун ойлобогон, келип сөз сүйлөшө албагандыгын көрсөтүп турат. Биз жаштар келечекти ойлоп кандайдыр бир сүйлөшүү жолуна барсакпы, мындан ары да алдыга жылсакпы деген аракет кылганбыз. Дагы бир жолу айтабыз, бул акцияларды өткөрө беребиз.
Ошондой эле акцияга катышкан жаштар шаар башчысы Данияр Үсөнов келсе беребиз деп, атайын белек даярдашкан. Бирок мэр келбей калгандыктан белекти ага берип жибермей болушту.
Алар Бишкек шаардык кеңештин токтомун кооз жыгач алкакка салып, анын бетине “Мен ишенбейм!” деген кызыл түстөгү өздөрүнүн мөөрүн басып, белек катары даярдап коюшкан экен. Ал тууралуу Мирсулжан Намазалиев айтып берди:
- Жолугуубуздун дагы бир максаты бар эле. Бишкек шаардык кеңешинин митинг-акцияларды чектей турган токтому бар. Анын толук текстин бул алкакка коюп, өзүбүздүн “Мен ишенбейм!” деген жазуусу бар мөөрүбүздү басып туруп кайра мэрдин өзүнө берели дегенбиз. Бул токтом менен өзү иштесин. Бизге мунун тиешеси жок, биздин негизги документ баш мыйзам.
Андан тышкары акциянын демилгечилери түшкө чейин парламенттин алдында чакан иш-чара өткөрүүгө да үлгүрүштү. Бир канча жаштар Жогорку Кеңештин алдындагы арча-карагайларды жаңы жылдык оюнчуктар менен кооздоп, бутактарына “Мен ишенбейм!” деген жазууларды илип чыгышкан экен.
Алардын айтымында, парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына капа болгон жаштар жаңы жылдын кандай келип калганын сезбей калышкандыктан, кеч да болсо парламенттин имаратынын алдындагы арча-карагайларды оюнчуктар, “Мен ишенбейм!” деген жазуулар менен кооздоп коюуну чечишкен. Иш-чара тууралуу акциянын демилгечилеринин бири Гүлшайыр Абдырасулова мындай деди:
- Чынын айтсам парламенттик шайлоого абдан капа болуп, “Мен ишенбейм!” акциясы менен жүрүп жаңы жылды кандай өткөргөнүбүздү билбей калыптырбыз. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин алдына барып, балатыларды кооздоп, оюнчук катары “Мен ишенбейм!” деген жазууларды илип чыктык.
Ал эми шаар жетекчилиги акциянын катышуучуларынан айырмаланып, митинг-акцияларды өткөрүүнүн эрежелери тууралуу токтом баш мыйзамга эч кандай каршы келбесин, Бишкектин негизги тургундары митинг-пикеттерден тажап бүтүшкөнүн айтышууда. Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Айбек Осмоналиев бул тууралуу мындай дейт:
- Шаардык кеңеште конституцияга каршы келген мыйзамдарды кабыл албайбыз. Биз бүт маселени карап чыгып, талкуулап туруп анан митингдер боюнча токтомду кабыл алганбыз. Бишкекте алардан башка да жашоочулар бар, элдер митингдерден тажап бүтүштү.
Эми демилгечи топ “Мен ишенбейм!” деген аталыштагы кийинки акцияны 2-мартка белгиледи.