Ал Косовонун көз карандысыздыгын жарыялашына каршы багытталган. "Жалпы элдик" деп аталган бул демонстрацияны серб өкмөт колдоого алууда. Поезддер элди Сербиянын ар кайсы аймагынан Белградга бекер ташып келмекчи. Мектеп окуучулары да бир күнгө сабактан бошотулду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, учурда башкалаага миңдеген сербдер чогулууда. Митингдин катышуучулары алдында премьер-министр Воислав Коштуница чыгып сүйлөөрү белгиленген. Мурдараак ал жана президент Борис Тадич элди демонстрация учурунда сабырдуулукка чакырган эле. Белграддагы митинг Бишкек убактысы боюнча кечки саат тогузда башталмакчы.
Косовонун көз карандысыздыгына кыжырданган сербдер апта башында Косово менен Сербиянын түндүк чек арасындагы эки өткөөл бекетти өрттөп жиберишкен эле. Андан улам кырдаалда жөндөөгө НАТО күчтөрү кийлигишкен.
Сербия президенти Борис Тадич бүгүн иш сапары менен Румынияда болду. Румыния Еврошаркетте Косовонун көз карандысыздыгын таануудан баш тарткан саналуу өлкөлөрдүн бири. Өлкө президенти Траян Басеску сербиялык кесиптеши менен жолугушууда Косово көз карандысыздыгын жарыялашын "мыйзамсыз акт" деп атады.
Бул аралыкта бүгүн Италия менен Эстониянын өкмөттөрү Косовонун көз карандсыздыгын таануу жөнүндө чечим кабыл алды. Буга чейин Косовонун 17-февралда жарыяланган көз карандысыздыгы АКШ, Германия, Франция тарабынан таанылган болчу.