-Динара айым, ушул акцияга канча уюм катышып жатат? Канча адам болчудай? Алдын ала эсептериңиздер барбы?
-Жок, биз антип эсептеген жокпуз. Бул акцияны Максим Кулешов уюштуруп жатат. Ага биздин коалиция жана башка укук коргоо уюмдары кошулуп жатат. Биз ошол акцияны өткөрөбүз.
-Бул акция кандайдыр бир тоскоолдуктарга кабылбайбы? Мисалы үчүн Шаардык кеңештин токтому бар эмеспи. Ал боюнча уруксат алынды беле?
-Жок, мен ойлойм бул акцияга эч кандай тоскоолдуктар жасалбайт. Максим Кулешов буга чейин эле бир ай мурун эскертүү берип, “мен ар кайсы жумаларда ушундай акцияларды өткөрөм” деген уведомление берген. Мен ойлойм, бул акцияга эч кандай тоскоолдук жасалбайт.
-Сиздер президент Курманбек Бакиевге кайрылабыз деп жаткан экенсинер, бул кайрылуунун маазмуну кандай болот?
-Биздин бийлик жана Орусиянын бийлиги ошол проблема боюнча кандай иш-чараларды жүргүзүп жатат? Мына ушул нерсе ачык болуш керек. Биз бул жөнүндө билишибиз керек. Биз азыр өнөктөштөрүбүз болгон башка бейөкмөт уюмдарга дагы кайрылып жатабыз, алар дагы сөзсүз катышып, өзүнүн маалыматын бизге берип турушу керек.
- “Азаттыкка” берген маектеринде Кыргызстандагы славян коомчулугунун айрым өкүлдөрү дагы “бул маселени саясатташтыруунун кажети жок, мындай кырсыктар, ар кандай бейбаштыктар Кыргызстандын өзүндө деле болуп жатат” деп айтышууда. Сиз буга кандай карайсыз?
-Мен ойлойм, биз биринчиден муну аныкташыбыз керек. Улутчулдукпу же бытовой проблема болуп жатабы, мына ушуну иликтеп чыгышыбыз керек. Анын жыйынтыгы көрсөтөт. Ошон үчүн бийлик иликтөө иштерин жүргүзүп, бизге ошол маалыматты бериши керек.
-Азыр аба ырайы дагы суук болуп, Бишкекте кар абдан жаап, сампарлап турат. Бул жагдай иш-чарага тоскоолдук болбойбу?
-Негизинен акция жалгыз эле кыргызстандыктар каза тапкан үчүн өткөрүлүп жаткан жок. Бул Орусияда каза тапкан бардык мигранттарга арналат. Анткени биз азыр ойлоп жатабыз, улутчулдукка каршы акция өткөрбөсөк, бул кийин чоң көйгөйгө айланат. Бул каза тапкан кыргызстандыктар жөнүндө абдан көп айтып жатканда, айрым интернет форумдарда дагы улутчул чакырыктар чыгып жатат. Мына ушундай коркунучтар бар. Ошон үчүн биз бул акцияны өткөрүп жатабыз.
-Маегиңизге ырахмат.