Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

ЭКИ ЭЛГЕ ТЕҢ ШАЙЫР


“Азаттык” үналгысынын “Талант тагдыры” түрмөгүнүн бүгүнкү мейманы, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин чет өлкөлөргө сапарга чыкканда кошо ала жүргөн сүйүктүү шайыры, жаңыдан эле кутмандуу курак 60 жашка чыккан Казакстандын эл артисти, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, таанымал ырчы, обончу, дирижер, домбырачы, акын, “Казак концерт” бирикмесининин башкы директору Алтынбек Коразбаев. Ар тараптуу шыкка бай элдик шайыр менен кабарчыбыз Балбай Алагушов баардашкан.

Абаштан эле канатташ, тагдырлаш жашашкан казак, кыргыз элдеринин залкар шайырлары турмуштун ачуу, таттуусун бирге татышып, бир сындырым нанды бөлө жешип, ырлары, күүлөрү менен эки элдин черин жазып келишкен.

Казактын улуу ак таңдай төкмө акыны Жамбыл Жабаев кыргыздын залкар комузчусу, кыл кыякчысы Муратаалы Күрөңкеев менен айлап, жылдап бирге жүрүп, бирге жашап, өрөнүн кыргыз боордошторуна тартуулоонун алдында “Сөөгүм казак, этим, каным кыргыз”деп айткан канаттуу сөзү укумдан тукумга улама катары айтылып келет. Ал эми казактын айтылуу төкмө акыны, ырчысы Кенен Азербаев “казак, кыргыз төөнүн эки өркөчү, бээнин эки эмчеги” деп, эки элдин айылдарын түрө кыдырып, өкүнүчү муңун шабырата төгүп ырдаган чыгармачылык салттын учугу бүгүнкү күндө да уланып келүүдө.

Ак таңдай акындар Жамбыл менен Кенендин жолун жолдогондордун бири казак президенти Нурсултан Назарбаев чет өлкөлөргө сапарга аттанганда дайыма ала жүргөн калк артисти, мамлекеттик сыйлыктын ээси, обончу, ырчы, акын, дирижер, домбырачы Алтынбек Коразбаев. Ал жакында 60 жашка чыкты. Алтынбектин кутмандуу курагына карата калк арасында элдик ыр шекилдүү ырдалып жүргөн обондорунун “Ырларым саган – тууган жер” аттуу 57 ырдан турган үч СД альбому, 15 басма табак көлөмдөгү “Ырымды саган арнадым” деген обондуу ырларынын жыйнагы эки миң нускада жарык көрдү.

Алтынбек Коразбаевдин жаңы альбомуна кирген Жамбылдын (Тараздын) Мерке чөлкөмүндөгү “Кызыл сайымды Парижге да, Москвага да алмашпайым” деп киндик каны тамган Кызылсайга арнаган “Туулган жерим” аттуу ырын сунуш кылабыз.

“Туулган жерим”

Обону А. Коразбаевдики.
Сөзү Т.Сериковдуку.

Таудан соккон самалы
Маңдайыман сүйөдү
Күнүң нурлу, жанары
Айы аппак киелү,
Тууган өлкөм-шаттыгым,
Арнап өлең жазамын.
Сени ойлау типти мүң
Кут кайнаган базары.
Сенде өстүм өркүндөп
Бүгүн жүрөк өртенбек
Кабыл алшы, балаңды
Келип турамын эркелеп
Мен сени сагындым гой, туган жерим.


Алтынбек мырзаны кепке тартканымда оболу ал казак, кыргызга орток Астана деген чоң өзөндүн аркы жээгинде кыргыздын Чолок-Арык, берки жээгинде өзүнүн туулуп өскөн Кызылсай айылы жайгашканын, эки эл “меники, сеники” дешпей бир эненин, бир атанын балдарындай ырыс алды ынтымакта жашарын, той тамашаларын бирге өткөрөрүн айтып келип, ойгонушуна кыргыз шайырларынын ырдаган ырлары, черткен күүлөрү от койгонун айтат:

-Менин эсимде, бала кезимде жай мезгилинде үйгө жатпай ачык асмандын алдында жатаар элем. Ошол кезде Кыргызстандан айылга атактуу ырчылар, акындар, комузчулар келип, концерт беришип, түнүндө жарамазан айтышаар эле. Ошондо мен шайырлар качан келет деп уктабай аңдып жатчумун. “Кокустан мен уктап калсам кыргыз акындары келгенде ойготуп койгула. Алардын ырдагандарын угам” деп эне-атама айтаар элем.

Бала чагымда баштап, кыргыздын ырларын көп уктум. Ал эми 1979-жылдан баштап кыргыздын атактуу жайлоосу Суусамырга он беш жыл такай барып эс алып жүрдүм. Эң акыркы жолу 1994-жылы бардым. Таяке, байкелер менен аралашып, тойлоруна катышып, ырдап, кымызын ичип, этин жеп, ырахатка батып эс алдым. Чоң тойлордо домбырамды алып кыргызча ырларды ырдар элем.

Бир күнү кызык окуя болду. Жайлоодо кадырлуу байкенин 70 жылдык чоң тою болуп калды. Ал тойго өзүбүздүн машина менен казактын беш-алты жигити барып келдик. Чай ичип, тамак жеп отурабыз. Менин Алтынбек Коразбаев экенимди кыргыздар билбейт, тааныбайт. Бир убакта мен домбырамды алдым да, Токтогулдун “Алымканын” ырдам жиберсем, кыргыздар “Ой, бул кандай казак домбыранын коштоосунда кыргыздын ырын ырдап” дешип таң калышты.


Жакшы эскерүүңүзгө чоң ырахмат, Алтынбек мырза. Эми кезекти өзүңүздүн балалыктын балдай таттуу күндөрүн өткөргөн Суусамырга арнаган “Жайлоодо” аттуу ырга берейин.

“Жайлоодо”

Обону А. Коразбавдики
Сөзү С. Тургынбековдуку

Булагы кандай жайлаудың, булагы кандай-ау,
Жутамын мөлдүр кэусэрин кумарым канбай.
Озүңө карай тартады сулуулук чиркин,
Сол жакта менин сыргалы сыңарым бардай.


Кайырмасы:

Мөлдүрде, мөлдир булагың,
Сылдыр да, сылдыр курагың.
Кумбир де, бүмбир домбыра.
Жайлауым осы шырагым.


-Алтынбек мырза, ыр дүйнөсүнө канча жашыңыздан аралаштыңыз? Устатыңыз ким болду эле?

-Мен ыр дүйнөсүнө бешиктен чыккандан аралаштым. Акем малчы эле. Кайда барса мени дайыма ээрчитип жүрчү. 8-9 жашымда 1954-55-жылдагы акем Алматыдан малчылардын слетуна катышып, бир патефон алып келди. Ошол жылы Бишкекте айыл чарба техникумда окуган Бешкемпир деген биртууган агам мага мондалин сатып келип берди. Бат эле мондалинди үйрөнүп алдым. Акем алып келген патефондун ичинде казак менен кыргызга тең акын Кенен Азерибаевдин гранпластинкасы бар экен.

Анда улуу акындын бир топ ырлары бар экен. Ошол ырларды тоонун арасында жакшылап угуп, жаттап алдым. Мына ошондон Кенен Азерибаев устатым деп жүрөм. Бирок кийин 1976-жылы Кенен атамды көрдүм, а кишинин батасын алдым. Кенекеме арнап эки-үч ыр жаздым. Маселен “Жүзгө чыгыңыз Кенен ата”, “Сагындым Кенен атамды” деген ырларды. Азыркы күндө “Сагындым Кенен атамды” аттуу ырым элге кеңири тараган. Бүгүнкү күндө ал ырды көпчүлүк ырчылар ырдашат.

-Анда эмесе Алтынбек мырза, казак ыр сүйүүчүлөрүнүн арасына кеңири тараган “Сагындым кенен атамды” аттуу ырыңызды белгилүү ырчы Багдад Самединованын аткаруусунда “Азаттыктын” угармандарына гүл десте катары сунуп койойун.

“Сагындым Кенен атамды”

Обону А. Коразбаевдики.
Сөзү Ж. Сейттибековдуку.

Алатаудың сайраган бүлбүлү едиң.
Озып келер жарыстан дүлдүли едиң.
Сүйүнбай мен Жамбылдын орнын боскан,
Казагымын сен дагы бир гүли элең.


Кайырмасы:

Желбиреген ак күмүш
Сакалыңды сагындым.
Жайлауындай даланын,
Шашпагыңды сагындым.
Эн мен жырдын кени экен.
Айналайын берекем
Шырылдаса боз торгай
Сен экен деп каламын.
Ак сакалды шал корсем
Кенекем деп каламын.

Мынау сенин кең далаң-калың халкың,
Тирлигиңде түсинген кайпас жолга
Калыптыгай мөңгилик эниңди алып.

Кайырмасы Шилдедеги Насердей шаңды баякан,
Сагынды элиң эниңди танга үласкан
Күн күлим деп шыкканда көк жиектен,
Сени жоктап турады таргыл аспан.
XS
SM
MD
LG