Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

15:45 Убактылуу кармоочу жана бөлүштүрүүчү жайларга мониторинг жүргүзүлдү


Бир катар бейөкмөт уюмдар бүгүн түшкө чейин ИИМдин убактылуу камоочу жана бөлүштүрүүчү жайларда мониторинг жүргүзүштү. Иш-чаранын катышуучуларынын бири, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтуусунда убактылуу камоочу жайлар менен бөлүштүрүүчү жайлардын абалы жакшырганы байкалган. “Муну өзгөчө январь айында
“Мен ишенбейм..” акциясын уюштуруп, эки-үч күн камалып чыккандар белгилешти. Анткени алар камалган учурда мындай жайлар балит, кармалгандардын саны чектен ашык, алар тамак-суусуз, адвокатсыз кармалып турганын ачыкташкан. Динара Ошурахунованын айтуусунда азыр кармалгандарды камоочу бөлмөлөр таза, акталган. Кармалгандарга төшөнчү, тамак берилип жатыптыр, кишилердин саны да азайган. Мониторингдин жыйынтыгы тууралуу кененирээк жакынкы күндөрү маалымат жыйынында айтылат, дейт Д. Ошурахунова. (ZKo)

XS
SM
MD
LG